Пятница, 10 января, 2025
-13.9 C
Бишкек

Рамиз Алиевди опузалоого шектелген прокурордун орун басарына 1,8 млн сомго айып салынды

Сот вице-мэр Рамиз Алиевди опузалоого шектелген Бишкектин прокурорунун мурунку орун басарын 1,8 млн сомго айыпка жыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Буга чейин прокурордун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу, ошондой эле шаардык прокуратуранын бөлүмүнүн башчысынын орун басары Абдырашид Жаманкеев жана Аскер лицейинин юристи менен биргеликте вице-мэрден “Тазалык” ишканасындагы текшерүүнү токтотуу үчүн  5 миң доллар опузалады деген кине менен кармалганы кабарланган.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар