whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров автоунаа салыгы жоюлганын билдирди

Садыр Жапаров автоунаа салыгы жоюлганын билдирди

Президент Садыр Жапаров салыктар жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Анын айтымында, жарлыкка ылайык жарандар авто унаа салыгынан бошотулат. Бул салык күйүүчү майдан жаңы жыйым алына баштагандыктан жоюлуп жатат. Белгилүү болгондой, 1-январдан тарта күйүүчү майдын ар бир литринен 1 сомдон алынууда.

«Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин же дизелден бир сомдон алынып баштады», — дейт Жапаров.

Андан тышкары буга чейин унаа салыгын төлөбөй келген адамдардын карыздары кечилет.

«Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр ого эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да баарын кечтик», — дейт президент.

Ошондой эле юридикалык жана жеке ишкерлердин 2022-жылдын 1-январына чейинки карыздары да кечилди. Ага чейинки салыктар эми текшерилбейт.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча жумушчу топ түзүлүп, алар бир ай ичинде өз сунуштарын даярдап келет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар