Четверг, 9 января, 2025
-12.9 C
Бишкек

Өзбекстанда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктын абалы оор

Социалдык тармактарда «кыргызстандык кыз Өзбекстанда жол кырсыгына кабылып, комада жатат. Жакындарын издеп жатабыз» деген билдирүүлөр тараган. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

«Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине Өзбекстандын компетенттүү органдарынан 5-январда Дангара райондук ооруканасына Кыргыз Республикасынын жараны А.к.К. баштын жана ички органдардын жаракаттары менен түшкөнү тууралуу маалымат берилген. Ага ошол эле күнү операция жасалып, учурда жалпы палатага которулган. Абалы оор деп бааланып жатат жана дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Жабыркаган жарандын жанында тууганы бар. Элчилик медициналык кызматкерлер жана жабырлануучунун жакындары менен байланышта»,- деп айтылат маалыматта.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар