whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.06.2025
21.2 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмТуризм“Ала-Арча” жаратылыш паркынын жылдык кирешеси 232 млн сом болду

“Ала-Арча” жаратылыш паркынын жылдык кирешеси 232 млн сом болду

2024-жылы “Ала-Арча” жаратылыш паркына 232 млн. киреше түшкөн. Бул тууралуу “Биринчи радиого”  “Ала- Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынын директорунун орун басары Кубанычбек Жекшенбеков билдирди.

Ал белгилегендей, жылдык киреше 2024-жылга коюлган пландан 32 млн. сомго көп болду.

“Мындай көрсөткүчкө президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин жетекчилиги астында жетише алдык. Бардык аракеттер парктын инфраструктурасын жакшыртууга, туристтердин келүүсүн арттырууга жана аймактын экономикалык өсүшүн камсыздоого багытталган. Мындан эки жыл мурун жылдык киреше 51 млн сомду түзгөн. Мындан сырткары, эки жыл мурун “Ала-Арча” жаратылыш паркында 72 эле жумуш оруну болгон. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч эки эсеге өсүп, учурда 148 жумуш оруну бар. Жөн гана жумуш оруну түзүлбөстөн, аны менен катар жумушчулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү”, — деди ал.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар