whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.07.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан лыжа туризмине 20 миллиард доллар тартууну көздөп жатат

Кыргызстан лыжа туризмине 20 миллиард доллар тартууну көздөп жатат

Кыргызстан лыжа туризмине 20 миллиард доллар инвестиция тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кыргызстанда лыжа туризмин өнүктүрүү үчүн эбегейсиз зор потенциал бар экени, өлкө аймагынын 90 пайыздан ашыгын тоолор ээлеп турганы, бул заманбап лыжа базаларын түзүү үчүн уникалдуу шарттар экени белгиленет.

Эксперттер тоо лыжа тармагына инвестиция кеминде 20 миллиард долларды түзүшү мүмкүн деп эсептешет. Бул өз кезегинде миңдеген жумушчу орундарын түзүп, бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшүн камсыз кылып, Кыргызстандын аймактагы туристтик борбор катары позициясын бекемдейт.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын жайында президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча жарлыкка кол коюлган. Ал туризм тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду кластердик ыкма менен ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, башкаруу структурасын жакшыртуу жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар