whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарМэрия жүргүнчүлөрдү автобекеттен гана кетүүгө чакырды

Мэрия жүргүнчүлөрдү автобекеттен гана кетүүгө чакырды

Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жүргүнчүлөрдү шаардан алып кеткен айрым айдоочулар жакшы уктап эс албай эле киши ташып жатканын айтып, коопсуздук үчүн жүргүнчүлөрдү «Аккула» ат майданы тараптагы автобекеттен кетүүгө чакырды.

«Автобекетте наркологдор бар. Айдоочулардын уктап эс алганын текшерип анан жолго чыгарып жатабыз. Жүргүнчүлөрдөн айдоочуну Telegram, Whatsapp аркылуу таап алып кетип калбай, автобекетке келип тажрыйбалуу айдоочуларга отуруп кеткиле деп суранат элек. Шаардан эле, жолдон алып кеткендер үчүн жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу эмес, акча табуу маанилүү болуп жатат. Алар жакшы эс албай, жолдо ар кандай кырдаалга кабылууда. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Таластын каттамдары ушул жактан («Аккула» ат майданы-ред) кетип жатат. Бул автобекетке №40,13 автобустар келет», — деген Ырсалиев.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар