УКМК Кара-Суудагы жеке турак жай курууга трансформацияланган 32 гектар жерди мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу коопсуздук комитетинен билдиришти.
Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан, жеке турак жай курууга трансформацияланган баасы 500 миллион сом болгон, 32 гектар жер тилкесин акысыз негизде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди.
Учурда УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чараларды улантууда.