Биз дарыгерге чейинки жардамга арналган «Эгерде … болсо эмне кылуу керек?» деген материалдар сериясын жарыялоону улантабыз. Долбоордун авторлору — Жашоо Медиа ден соолук жөнүндө маалыматтык порталы. Бүгүн Бишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева менен көп кезиккен жагдай – коркунучтуу курт-кумурскалар чаккан жана жаныбарлар тиштеген кырдаалдарды карап көрөбүз …
Уулуу жыландар Кыргызстанда сейрек кездешет, бирок алардын чагып алуу тобокелдиги бар. Эгерде жылан чагып алган болсо төмөнкүдөй аракеттерди кылуу зарыл:
1-кадам. Жараатты таңганга жана кескенге болбойт.
2-кадам. Жарааттын ордун аккан суу менен жуугула, жарааттын айланасын акырындык менен ортосун көздөй ныгырып, ууну кылдаттык менен сыгып чыгарганга аракет кылгыла.
3-кадам. Токтоосуз түрдө дарыгерге кайрылгыла, себеби ууга каршы каражат (антидот) саюу керек болуп калышы мүмкүн.
Кене чагуу бир кыйла кеңири таралган жана коркунучтуу көрүнүш. Кан соргуч курт-кумурскалар кене энцефалити сыяктуу кооптуу ооруларды алып жүрүшү мүмкүн.
1-кадам. Кенени чыгаруу үчүн жипти колдонгула: жипти кененин башына орогула жана сааттын жебесине каршы тарапка бурап кылдат тартып чыгаргыла.
2-кадам. Кенени чыгаргандан кийин аны айнек идишке салгыла жана жакынкы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна анализге алып баргыла.
3-кадам. Инфекциянын алдын алыш үчүн дарыгерге кайрылгыла.
Ит тиштеген учурлар абдан көп кездешет. Адамдар көбүнчө бакма жана жолбун иттердин азуусунан жабыркайт. Унутпагыла, атүгүл ит канчалык дени сак көрүнсө дагы жараатты иштетүү керек.
1-кадам. Ит тиштеген жараатты аккан суу менен жуугула жана стерилдүү таңуу койгула.
2-кадам. Селеймеге жана кутурмага каршы эмдөө алуу үчүн токтоосуз түрдө дарыгерге кайрылгыла, айрыкча тиштеген иттин эмдөөсү болбосо же жолбун ит болсо өтө кооптуу.
Жашоо Медиа деген эмне? Бул ден соолукка, жеке натыйжалуулукка жана өзүнө кам көрүү маселелерине арналган маалыматтык портал. Анын миссиясы – жашоонун сапатын жакшыртуу, зыяндуу адаттар менен күрөшүү боюнча текшерилген сунуштамаларды ж.б. окурмандарга берүү. Сиздер Жашоо Медиа порталынан эксперттер жазган макалаларды, өзүн өзү өнүктүрүү, физикалык жана эмоционалдык бакубатчылыкты колдоо боюнча практикалык кеңештерди таба аласыздар.
Сайт: https://jashoo.media/