Негизги окуялар | Доору | |
1. | Алгачкы адамдар топторунун Кыргызстандын аймагына жайгашышы. | Мындан 1 млн. жыл мурда |
2. | Эрте палеолит доору. Тянь-Шанда эң байыркы адамдардын турак ала башташы. Борбордук Тянь-Шандагы Он-Арча суусунун боюндагы жана Чыгыш Ферганадагы, Кожо-Бакырган-Сайдагы, Ысык-Көлдөгү, Саламат-Булактагы таш куралдар. | Б.з.ч. 800-140 миң жыл |
3. | Ортоңку палеолит доору. Таштан жасалган эмгек куралдарынын жакшырышы. Тосор таш куралдары Чүйдөгү Георгиевка дөңсөөсүндөгү, Оштогу Сасык үңкүрдөгү, капчыгайдагы таш куралдар. | Б.з.ч. 140 – 40 миң жыл |
4. | Соңку палеолит доору. Ош аймагындагы Сел-Үңкүр, Исфара өрөөнүндөгү Кожогор үңкүрлөрүндөгү таш куралдары. Ысык-Көлдөгү Ак-Чуңкур үңкүрүндөгү сүрөттөр. | Б.з.ч. 40 – 10 миң жыл |
5. | Мезолит. Арпа, Ак-Сай, Айдаркендин жанындагы Апшыр үңкүрлөрүндөгү, Чатыр-Көлдүн жээгиндеги таш куралдар. | Б.з.ч. 10 – 5 миң жыл |
6. | Жаңы таш доору (неолит).
Сары-Жаздагы (Ысык-Көл өрөөнү) Ак-Чуңкур таш бетиндеги сүрөттөр. Нарын шаарына жакын Теке-Секириктеги адамдардын турагы, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун өңүрүндөгү, Чолпон-Атанын жанындагы неолиттик эстеликтер. |
Б.з.ч. 5 – 3 миң жыл |
7. | Коло доору. Түрк калктарынын ата-бабалары болгон хунндар тууралуу алгачкы маалыматтар. | Б.з.ч. 3-1 миң жылдыктын башы |
8. | Темир доору. Түрк калктарынын ата-бабалары болгон хунндар тууралуу алгачкы маалыматтар. б.з.ч. IX кылым | Б.з.ч. 1 – миң жылдык |
9. | Байыркы Перс падышасы Дарий Iнин Бехус аска бетиндеги жазуусунда сактардын аталышы. | Б.з.ч. 6-5- кылымдар |
10. | Сактардын чыгыш канатынын Тянь-Шанды мекендеши. | Б.з.ч. VIII-III кылым |
11. | Дабан (Паркана) мамлекетинин калыптана башташы. | Б.з.ч. VI-III кылымдар |
12. | Орто Азияга Александр Македонскийдин басып кириши. | Б.з.ч. 329-жылы |
13. | Байыркы кыргыздардын Чыгыш Тянь-Шанды мекендеши. (Манас өрөөнү). | Б.з.ч. III к.- б.з. V к. |
14. | Хунндардын эң алгачкы падышасы Тоу – Мандын бириктириши (Түмөн). | Б.з.ч. 209-жылы |
15. | Модэнин хунндардын падышасы болуп жарыяланышы. | Б.з.ч. 209-жылы |
16. | Байыркы кыргыздар тууралуу Кытай булагындагы эң алгачкы маалымат. Кыргыз ээлигинин Хунн мамлекетине каратылышы. (Сыма Цзян). | Б.з.ч. 201-жылы |
17. | Кангүй мамлекетинин жашоосу. | Б.з.ч. з III кылымдын башы б.з. V кылым |
18. | Жети-Суулук сактардын батышка – Орто Азиянын борборуна журт которуусу. | Б.з.ч. II кылым |
19. | Борбордук Теңир-Тоону, Жети-Сууну усундардын ээлеши. Усун мамлекетинин түзүлүшү. |
Б.з.ч. 160-жылы |
20. | Дабан өлкөсүнүн өнүккөн учуру. | Б.з.ч. II кылым |
21. | Кытай элчиси Чжан Цяндын Ысык-Көлгө келиши жана Дабанга саякаты. | Б.з.ч. 128-жылы |
22. | Чжан Цяндын Ысык-Көлгө экинчи жолу келиши. | Б.з.ч. 116-жылы |
23. | Ли Гуанли баш болгон кытай аскерлеринин Дабанга алгачкы жортуулу. Юнчэн (Өзгөндөн 10 км алыстыктагы Шоро-Башат шаар калдыгы) шаарын камалоо. | Б.з.ч. 103- жылы |
24. | Кытайлардын Дабанга экинчи жортуулу. Эрши шаарынын кыйрашы. | Б.з.ч. 101-жылы |
25. | Дабандын борборунун ыйык тоонун этегиндеги шаар – Гуйшуанга көчүрүлүшү. (Ош шаарынын орду). | Б.з.ч. I кылымдын башы |
26. | Кыргыздардын Хунн ордосундагы күрөшкө катышуусу жана Уцзини шанүй көтөрүшү. | Б.з.ч. 90-60- жылдары |
27. | Кыргыздардын көз каранды эместик үчүн күрөшү жана өз падышачылыгын түзгөндүгү тууралуу кытай тарыхчысы Бан Гунун маалыматы. | Б.з.ч. 58-жылы |
28. | Кыргыз өлкөсүн түндүк хунндардын шанүйү (падышасы) Чжичжинин кайрадан каратышы. | Б.з.ч. I к. (56-49-жылы) |
29. | Усундарга Чжинжи шанүйдүн чапкыны. | Б.з.ч. 49-жылы |
30. | Таластагы хун-кытай салгылашуусу. Чжичжинин өлүмү. | Б.з.ч. 42-36- жылдар |
31. | Дабанды Кушан падышалыгы-нын каратып алышы. | Б.з.ч. 36-жылы |
32. | Кыргыздардын Кара-Шаардын (Янци) түндүгүндө Актоонун жанында (Чыгыш Тянь – Шань) жайгашканы тууралуу кытай жазма булагындагы маалымат. | Б.з.I кылымдын аягы б.з III-V кылымдар |
33. | Дабандын элчисинин Кытайга барышы. | Б.з. 379-жылы |
34. | Жужандардын Чыгыш Теңир-Тоодон усундарды сүрүп кириши. | Б.з. V кылымдын башы |
35. | Усундарга кытай элчилеринин жөнөтүлүшү. падышачылыгынын элчиси Дун Вандын Даванга келиши. | Вэй Б.з. 436-жылы |
36. | Усундардын батыш жак аймагын эфталиттердин каратып алышы. | Б.з. V кылымдын орто чени |
37. | Кыргыздардын Жужан кагандыгына каратылышы. | Б.з. V кылым |
38. | Кыргыздардын Эне-Сайга журт которуусу. | Б.з. V кылымдын аягы |
39. | Эне-Сай аймагында кыргыз кагандыгынын калыптанышы. | Б.з. VI кылым |
40. | Кыргыздардын Эне-Сайдагы чаатас (хакасча – жоо ташы) маданияты. | Б.з. VI-VIII кылым |
41. | Вэй падышасы Вэди өз элчиси Напантону ашина уругунун түрктөрдү бийлеген беги Бумынга жибериши. | Б.з. 540-жылы |
42. | Теле бирикмесин Бумындын багындырышы. | Б.з. 546-жылы |
43. | Түрктөрдүн жужандарды жеңиши. Бумындын элкаган (мамлекеттин каганы) даражасын алышы. | Б.з.552-жылы |
44. | Жужан кагандыгынын кыйрашы. | Б.з. 551-554- жылдар |
45. | Бумын кагандын ашына кыргыз өкүлүнүн катышуусу. | Б.з. 553-жылы |
46. | Эне-Сайдагы кыргыз мамлекетин Мукан кагандын убактылуу баш ийдириши. | Б.з. 555-жылы |
47. | Жети-Сууну, Теңир-Тоону түрктөрдүн ээлеши. | Б.з.556-жылы |
48. | Түрктөрдүн эфталиттерди жеңүүсү. | Б.з. 565-жылы |
49. | Түрк кагандыгы менен Визан-тиянын элчилик байланыштары (Маниах, Земарх). | Б.з.568-559-жылы |
50. | Улуу Түрк кагандыгынын экиге бөлүнүшү. | Б.з. 582-603- жылы |
51. | Эне-Сай кыргыздарынын кайрадан көз каранды эместикке ээ болушу. | Б.з. VII кылымдын башы |
52. | Эне-Сай кыргыз жазмасынын (руна сымал) колдонулушу. | Б.з. VII кылымдын акыры |
53. | Кыргыз-Кытай элчилеринин катнашы. | 632-жылы, 643-жылы |
54. | Кыргыз өлкөсүнүн өз эгемендүү-лүгүн чыңдоо аракеттери. | VII кылымдын 40-жылдары |
55. | Кыргыз элтебери (башчысы) Шибоцуй Ачжандын Кытайдын борборуна барышы. | 648-жылы |
56. | Кыргыз элчисинин Кытайдын борборуна жиберилиши. | 654-жылы |
57. | Кытай (Тан династиясы) императорунун элчиси Фан Цяндын кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлүшү. | 654-жылы |
58. | Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын негизделиши (744-жылга чейин). | 682-жылы |
59. | Кыргыз каганы Барсбектин каган наамын Чыгыш Түрк каганы Капагандын таанышы. Эл терис каганынын кызына Барсбектин үйлөнүшү. | 698-699- жылы |
60. | Кыргыз кагандыгынын элчилеринин Кытайга барышы. | 707-жылы, 709-жылы |
61. | Кыргыз, кытай, түргөш, үчилтик согуш ынтымагынын түзүлүшү. | 709-жылы |
62. | Кыргыз элчиси Эрен Улугдун Тибетке барышы. Чыгыш Түрк кагандыгынын кыргыздарга каршы жортуулу. | 710-711-жылы |
63. | Суңга чер токоюндагы салгылашуу. Барсбек кагандын курман болушу (675-жылы туулган). Кыргыз элчилеринин кытайга барышы. | 711-жылы |
64. | Аз элинин көтөрүлүшү. | 715-жылы |
65. | Канзаада Исиби Шэючжи Биши тегин жетектеген кыргыз элчилигинин Кытайга келиши. | 722-жылы |
66. | Канзаада Цзуйли Пинхэчжун тегин жетектеген кыргыз элчилигинин Кытайга келиши. | 723-жылы |
67. | Кыргыз элчилеринин Кытайга барышы. | 724-747-748- жылдар |
68. | Күлтегиндин ашына кыргыз каганынан Чортардуш Ынанчунун келиши. | 731-жылы |
69. | Эне-Сайдагы Кыргыз кагандыгы. |
VIII кылымдын 1-жарымы |
70. | Экинчи чыгыш Түрк кагандыгынын ойрон болушу. | 744-жылы |
71. | Уйгур кагандыгынын Борбор Азиядагы үстөмдүгү. | 744-840- жылдар |
72. | Карлуктардын Алтайдан Теңир-Тоого көчүшү. | 746-жылы |
73. | Уйгурларга каршы чиктердин кыймылына кыргыздардын жардамы. | 751-жылы |
74. | Уйгур каганы Баянчордун кыргыздарга жортуулу. Кыргыз каганынын сөз жөнүндө вассал болушу. | 758-жылы |
75. | Карлук мамлекети. | 766-940- жылдар |
76. | Уйгур каганы Кутлугдун кыргыздарга жортуулу. Кыргыз каганынын Ажо аталышы. | 795-жылы |
77. | Кыргыз ажосунун өзүн каган жарыялашы. Эгемендикке ээ болуу. | 820-жылы |
78. | Кыргыздардын Уйгур кагандыгына каршы күрөшү. | 820-840- жылдар |
79. | Кыргыз кагандыгынын борбору Ордо-Балыкты кыргыздардын басып алышы. Уйгур кагандыгынын кыйрашы. | 840-жылы |
80. | Кыргыз кагандыгынын ордосун Эне-Сайдагы Кыргыз Нур (Кыргыз-Көл) аймагына көчүрүү. | 840-жылы |
(Уландысы бар)
“Кыргыздын 100 керемети” китебинен.