Чет өлкөлөргө кеткен мигранттардын арасында эле эмес, Кыргызстандын ичинде жүрүп кыргызча сүйлөй албаган, баласына эне тилин үйрөтпөгөн адамдар бар экендиги өкүнүчтүү болсо да, чындык. Бирок, баарлашуу тили, чөйрөсү башка тилде болгон чет мамлекетте миграцияда жүрсө дагы кыргызча сүйлөө, эне тилин балдарына үйрөтүү ата-энелик милдети экенин унутпагандар дагы бар. АКШнын Филадельфия штатында жашап жүргөн ошондой мекендештерибиздин бири Чынара МОЛДОКУЛОВА неберелерине кантип кыргызча үйрөтүп жаткандыгын айтып берди.
Чоң ата, чоң апалар неберелерине кыргызча үйрөтсө…
– Бул жакта азыр жакшы болуп калбадыбы. Бардык эле мигранттардын ата-энелери Америкага кирип-чыгып жатабыз. Неберелерибизге кыргызча сүйлөгөндү үйрөтөбүз. Бардык жерде баарлашуу англисче жүргөндөн кийин тилдери англисче чыгып жатат. Бирок, үйдө эне тилибизде сүйлөшөбүз. Ал аздык кылат экен. Анткени 5 күн бакчада болсо, 2 күн үйдө болот. Азыр кызыктырып, пайдубал куруп берип койсок, эс кирип калганда жакшы үйрөнүп алышат. Бардык эле чоң ата, чоң апалардын аракети – кыргызча үйрөтүү.
Дагы бир жакшы жери неберелерим мектепте окуп баштаганда паспорт алышып, Кыргызстанга 1-2 айга бара башташты. Кадимкидей мекенине барганда кыргызча сүйлөшүп, эне тилин жакшы көрүшүп, аябай сүйүнүп айтып келишет. Ошондой үй-бүлөлөрдү дагы көрүп жатам.
Ата-энелер, мигранттар жаңы келгенде англисчеге жакшы тиши өтпөгөндүктөн, балдарын орус тилдүү бала бакчаларга, мектептерге беришип, бара-бара англисчени үйрөнүп кетишет. Англис тили Америкада жашап жаткандан кийин сөзсүз керек. Албетте бул жакта төрөлгөн балдардын тили англисче чыгат. Антсе да, кыргыз тилине басым кылууга аракет кылабыз. Улуураак ата-энелер чогулуп, жаштарга “кыргыз тилин унутпагыла, керек” деп айтып жатабыз. Анткени, эне тилин билбесе, адамдын дили, аң-сезими да өзгөрөт. Ошондуктан, кыргызча маалыматтарды окуп, кыргызча ырларды укканды жакшы көрүшөт.
Филадельфияда кыргыз тилдүү бир мектеп бар. Мисалы, ал жактан комуз үйрөнүшөт. Андан тышкары, Кыргызстанга барган сайын сөзсүз улуттук кийимдерди алып келебиз. Ноорузда, тушоо той ж.б күндөрү эс алуу жайларында жалпы кыргыздар чогулуп, кыздар-балдарга улуттук оюндарыбызды ойнотуп тарбиялап жатышат.
Чет жакта жүргөндө намыстанам
Алыста жүргөндө, чет жактарга чыкканда намыстанып, уялат экенсиң. Кыргыз болуп алып кыргызча сүйлөбөй, тилибизди жогото баштаганыбыз көрүнүп калат. Чындыгында биздин тилибиз – эң кооз, бай тил. Учурда жазуучулар болобу, акындар болобу кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча тренингдерди өткөзүп, кеп маданиятын жайылтып жатышпайбы ошолор абдан сүйүндүрөт, кызыгып көрөбүз. Чогулганда ошолорду талкуулайбыз.
Эч убакта тилибизден уялбашыбыз керек. Америкалыктар азыр 2-3 айда кыргызча үйрөнүп алышып, Кыргызстанга барып жатышат. Биз союз убагында орусча тарбияланып калганыбыздын таасири чоң болду окшойт. Мисалы, улуу курактагылар деле тилден аксашат.
Мен Түркияда дагы көп жүрөм. Элин көрүп, ушунчалык намыстанып кетем. Алар дайыма өз тилинде сүйлөшөт. Башкалар билеби, билбейби карашпайт. Ал жакта 2 неберем бар, буюрса үчөө болот. Алар түркчө дагы, кыргызча дагы билишет. 5 жаштагы неберем Кыргызстанга келгенде эшикке чыгып калганда “булар эмнеге орусча сүйлөйт?” – деп сурай берет. Балдардын баары “кел, ойнойбуз” деп орусча сүйлөшсө, эки бөйрөгүн таянып “мен кыргызча сүйлөйм” деп туруп алган күндөрү болгон.
Орус тилдүү мектепти бүтүргөнү шылтоо болбошу керек
Улуттук университетте окутуучу болуп иштеген тааныштарым бар. Алар ошо союз убагында эле балдары үйгө келгенде кыпкыргызча сүйлөшчү. Окуган мектептери орусча. Ошентип орусчаны да, кыргызчаны да мыкты деңгээлде сүйлөшөт. Балдары элчи болуп чет өлкөлөрдө иштешет, бирок, неберелерине да кыргызча үйрөтүшөт. Ушундай үй-бүлөлөр бар.
Сөз баккан элбиз
Президент Садыр Жапаров баш болуп, Америка болобу, каякка барса да кыргызча сүйлөп жатканы абдан кубандырат. Эми кыргыз тилинде балдар үчүн мультфильмдер, анимациялар, куурчак театрлар, ыр жыйнактары көбүрөөк чыгарылышы керек деп ойлойм. Андан кийин улуттук кийимдер, тамак-аштар, майрамдарга көңүл бурулса деген тилегим бар.
Чоң курултайларда, чогулуштарда, чыгармачыл кечелерде гана эмес, күндө транспортто, көчөдө, соода-сатыкта эне тилибизде адептүү, жеткиликтүү, көркөм сүйлөгөндү үйрөнсөк. Болбосо учурда кейип-кепчиген, наалыган, сөгүнгөн сөздөр эле көбөйүп кеткендей туюлат. Улуулар баш болуп жалаң эле “тиги саясатчы, бул ырчы жаман” дебей, оюбузду жакшы сөз менен жеткизгенди, тагыраагы, сөз маданиятын дагы үйрөнсөк.
Карапайым калк дагы сөзсүз эле жазуучу, тилчи гана кооз сүйлөйт деп кабыл алып, биздин элдин башынан бери сөз баккан эл экени унутулгандай.
Уулжан БЕЙШЕНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”