Эл аралык тажрыйбага ээ Иззатбек Мидинов Австралияда 10 жылдан бери ийгиликтүү иштеп жаткан алгачкы кыргызстандык дарыгер. Ал Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктагандан кийин саламаттык сактоо тармагындагы эң катуу талаптарга ээ болгон Австралияда билим алып, 5 жыл иштөөгө лицензия алган. Жыл тогошоордо Бишкекке келген Иззатбек Мидиновго жолугуп, алыскы өлкөдөгү билим алуусу, ишмердиги тууралуу маектештик.
– Эмне үчүн башка медициналык адистикти эмес, стоматологияны тандап алдыңыз?
– Стоматология мени ар дайым өзүнүн өзгөчөлүгү жана ар тараптуулугу менен кызыктырып келет. Бул жөн гана медицинанын бөлүгү эмес, адамдын организмин түшүнүү менен чыныгы искусствону айкалыштырган тармак. Анткени тиштер – ден соолугубуздун маанилүү бөлүгү гана эмес, сырткы келбетибиздин негизги бөлүгү.
Стоматологияга болгон кызыгуум кичинемден, болжол менен 5-6-класста эле башталган. Буга атамдын досу, белгилүү тиш дарыгери, Кыргызстанга эмгек сиңирген врач Нуралы Базарбаевдин салымы чоң. Бул кесиптин татаалдыгы же жоопкерчилиги мени коркуткан жок. Тескерисинче, стоматологияга болгон кызыгуумду күчөттү. Металл конструкциялар менен иштөө, импланттарды орнотуу же протездерге жүктү эсептөө – бул билимди гана эмес, келечекти ойлонуу жана чыгармачыл мамиле кылуу жөндөмүн талап кылат. Балким, стоматологиянын чыныгы сыйкыры медицина менен искусствонун айкалышында жаткандыр.
Академияны аяктагандан кийин практикалык ишке көңүл буруп, стоматолог катары керектүү бардык процедураларды үйрөнүүгө аракет кылдым. Бирок кийинчерээк мен үчүн өнүгүү керектигин түшүндүм.
Мен үчүн негизги бурулуш Американын стоматология боюнча конференциясына катышкандан кийин болду. Ал жерде мен дүйнөлүк стандарттарды көрүп, батыштык кесиптештеримдин тажрыйбасынан канчалык көп нерсени үйрөнө аларымды түшүндүм. Изилдеп, маалымат чогулткан соң, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия жана Улуу Британиядагы суроо-талапты көрүп, Австралияны тандадым. Ошентип, эл аралык стоматологиядагы жолум башталды. 2020-жылдан бери Австралияда клиникада иштеп жатам.
– Австралияга окууга тапшыруу кыйынчылыктарды жараттыбы?
– Документтерим текшерилгенден кийин, сынактарга даярдана баштадым. Бирок мен эки жолдун бирин тандашым керек болду: биринчиси – эл аралык студент катары окуу, бирок бул абдан кымбатка түшмөк, экинчиси – Австралияга барып, экзамендерге өз алдынча даярдануу. Чет элдик студенттерди окутуу баасы ошол кезде жылына 50-60 миң австралиялык долларды түзүп, бүт курс 4-5 жылга созулуп, жалпы 250-300 миң долларды түзмөк.
Мен экинчи жолду тандадым – өз алдынча даярдануу. Ал кыйынчылыкка толо болсо да, бир топ арзан болду. Мен өзүмө ишенип, университеттин жардамысыз ушул жолду тандадым. Экзамендерге даярданып, сынактарды тапшырып, максатыма жеттим.
Австралияга келгенге чейин англис тилин жакшы билериме ишенчүмүн. Бирок бул жакка келгенде менин деңгээлим күтүлгөндөн төмөн экенин түшүндүм. Экзаменден өтсөм да, биринчи жумаларда жергиликтүү тургундардын акцентинен улам түшүнүү кыйынга турду. Экзамендерге даярдана баштаганда жана башка адамдар менен жолукканда, канчалык көп материалды окушум керек экенин билдим. Экзамендер абдан кыйын болду, мен өз билимимди тез арада жогорулатуу керек экенин түшүндүм. Бул өлкө квалификациясыз адистерди медицинага кабыл албайт жана мени алардын бул жааттагы мамилеси аябай суктандырды.
– Австралияда стоматологиялык лицензия кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди?
– Австралияда стоматологдор экзамендерди тапшырып, жалпы практикалык дарыгер катары катталууга милдеттүү. Андан кийин алар өз компетенциясынын чегинде ишмердикти уланта алышат. Бул жерде дарыгерлерди жогору баалашат, лицензия алуу чоң кадам. Мен айткандай, экзаменден өткөндөн кийин сиз жогорку квалификациялуу адис болуп эсептелесиз жана бул лицензия татаал процедураларды да аткарууга мүмкүндүк берет.
Адис болуу кошумча билимди талап кылат, бирок лицензиясы бар тиш доктур болуу көпчүлүк процедураларды аткаруу үчүн жетиштүү. Бул өлкөдө лицензия алуу абдан кыйын, ошондуктан дарыгерлер каттоодон чыгып калбашы үчүн өз иштерине өтө кылдат мамиле кылышат.
Учурда мен жеке клиникада иштейм, ал ири камсыздандыруу компаниясы менен байланышкан. Австралияда камсыздандыруу системасы жакшы өнүккөн жана биздин клиникада көпчүлүк бейтаптар камсыздандыруу полистери боюнча дарыланат. Бирок камсыздандыруусу жок бейтаптар да кабыл алынат. Иш графигим жумасына төрт күн, бирок жумуш убактысы узун.
Австралияда иштей баштагандан бери стоматологияга болгон көз карашым өзгөрдү. Бул жерде инновациялар тез киргизилет, жаңы изилдөөлөр жана технологиялар катуу сыноолордон өткөн соң гана практикада колдонулуп баштайт.
Ошондой эле билим берүү системасы алдын алууга жана жаштайынан тарбиялоого багытталган. Балдар 1-2 жаштан баштап тиштерин туура күтүүнү үйрөнүшөт. Алар үчүн тиш доктурга баруу кадимки иштердин бири болгондуктан, эч коркушпайт.
Мен Кыргызстанда да ден соолукту сактоо жана тиш ден соолугуна кам көрүү бала кезинен башталып, сергек жашоо маданиятынын бир бөлүгү болуп калат деп үмүттөнөм.
– Алдыга дагы кандай максаттарды коюп жатасыз?
– Имплантология боюнча адистештирүүнү пландап жатам. Мен бул жаатта эксперт болууну гана эмес, өзүмдүн жеке клиникамды, андан кийин Австралияда клиникалар тармагын ачып, бүткүл өлкө боюнча практикамды кеңейтүүнү каалайм.
Келечекте менин кыялым – Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги стоматологиялык клиника ачуу. Мен мекендештерибиздин эл аралык стандарттарга жооп берген медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн алдыңкы тажрыйбаны өлкөбүзгө алып келүүгө аракет кылам. Бирок менин максатым стоматология менен эле чектелбейт. Биз азыртан эле башка тармактарды өздөштүрүү боюнча идеялардын үстүндө иштеп жатабыз жана мен Кыргызстанда өнүгүү жана жашоону жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө аларыбызга ишенем.
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер