Пятница, 10 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Чолпонбек АБЫКЕЕВ: «Адам руханий жактан өнүкпөй, курсагы ач бойдон кала берет”

– Чолпонбек мырза, буга чейин уңгу жол, уңгу тааным тууралуу
Чоюн Өмүралиев аркылуу билчү элек, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу доктринасынын а кишинин идеяларынын ортосунда байланыш барбы?

– Чоюн Өмүралиевдин  «Уңгу жол» боюнча жазгандарына Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен кабыл алынган «Уңгу жолдун» тиешеси жок. Биз дайыма айтып жүрбөйбүзбү, идеология деген сөз бул идеялардын жыйындысы дегенди түшүндүрөт деп. Демек, Чоюн аганын жазгандары менен бул жаңы кабыл алынган уңгу жолдо кандайдыр бир окшоштуктар чыгып калса, анда аны идеялардагы окшоштук катары кабыл алыш керек.

– “Уңгу жолдун” максаты эмне?

– Мамлекетибиз экономикалык жактан арыштуу өнүгүү жолуна түштү. Муну баарыбыз көрүп турабыз. Ал түгүл чет элдик басылмалар да Кыргызстан экономикалык өнүгүүдө «Илбирс секирик» жасады деп баалай башташты. Мамлекет экономикалык өнүгүү менен бирге эле руханий өнүгүүнү да колго алышы керек. Антпесе экономикалык өнүгүү болгону менен руханий жактан артта калса, анда ал мамлекеттин да улуттун да келечеги бүдөмүк болот. Менин учурдагы өнүгүү боюнча  жазганым бар. «Экономикалык блокто иштегендер мамлекетти өнүгүү жолуна алып чыгышты. Маданий-социалдык блокто иштегендер, (руханий багытта дегеним) артта калып калгансыйт» деп. Уңгу жолдун максаты  мамлекетибизде, коомубузда, улутубуздун руханий дүйнөсүндө өнүгүү болсун, Президентибиздин  бүгүнкү  жаңы Кыргызстанды куруу багытында экономика менен руханият бирдей өнүксүн дегенди көздөйт.

– “Уңгу жолдун” милдети кандай?

– Баарыбыз көп кеп кылабыз, «Дүйнөлөшүүнүн таасири бүгүнкү муунга катуу тийүүдө. Элдин пейили, мүнөзү бузула баштады» деп. Сөз кылабыз, бирок ошол дүйнөлөшүүнүн жаман таасирлеринен кантип кутулабыз, ага каршы кантип күрөшөбүз аракеттенбейбиз. “Уңгу жолдун” милдети жарандарыбыздын жан дүйнөсүн ойготуу. Улуттук менталитетибизди, кылым карыткан нарк-салтыбызды таза сактап калууга ар бирибизди күрөшүүгө чакыруу.

– “Уңгу жол” кандай багыттарды камтыйт?

– “Уңгу жол” көп багыттуу. Анын баарын бул жерге келтирсек сөз өтө узак болуп кетет. Жаңы Кыргызстанды куруу деген бул экономикалык жактан эле жаңыланбастан ар бирибиз, дагы тагыраак айтсак Кыргызстанда жашаган ар бир адам улутуна, жынысына карабай кыргыз мамлекетин сүйүүгө, Мекенди сүйүүгө керемет кооз жаратылышыбызды сүйүүгө, ага өзгөчө мамиле жасоого үйрөнүшү керек. Мамлекетибиздин мамлекеттүүлүгүн бекемдеш үчүн биз кыргыз жараны дегенди калыптандырышыбыз керек. Бул кыргыз улутуна эле тиешелүү эмес  Кыргызстанда жашаган ар бир улутка тиешелүү болушу керек. Кыргызстанда жашаган ар бир улут кыргыз мамлекетин жан дили менен сүйүп, түбөлүк мекени катары карап, аны коргоого, сыйлоого үйрөнүшү керек. Бүгүнкү мамлекеттик идеологиянын башкы багыты ушуну көздөйт. “Уңгу жол” ушундай багыттардын жыйындысы.

– Буга чейин Президент тарабынан демилгеленген “Кыргыз жараны”, “Нарк” тууралуу идеяларды “Уңгу жолдун” өзөктүү идеялары катары карасак болобу?

– Мен бир жолу жаздым эле. «Президентибиз Садыр Жапаров эмне себептен  «Инсандын руханий – адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» деген №1 Жарлыкты кабыл алуу менен Президенттик ишин баштады? Болбосо ал кезде мамлекет каржылык жактан катуу кыйналып, керек болсо элге маяна, пенсия, жөлөк пул берүүгө каражат жок, экономика мүңкүрөп турбады беле. Ушуну терең ойлонолучу» деп. Өзөктүү наркы менен кылым карыткан кыргыз муну эчак айткан «Пейилиң оңолмоюнча ишиң оңолбойт. Пейилиңди оңдо» деп. Президентибиз элибиздин пейилин оңдош аракети менен бир катар Жарлыктарды кабыл алды. Ачыгын айтайын, бирок  бул багытта иш кашаң жылууда. Президентибиздин астыга койгон тапшырмалары командадагы идеологиялык багытта иш алпаргандар тарабынан толук аткарылбай жылышы жай болууда. Анткени идеология-лык иш ар бир адамдын жүрөгүнө жетип аны аткаруу каалоосун жаратмайын ишке алынышы кыйын маселе. Идеологиянын татаалдыгы ушунда.

– Өзүңүз билгендей, маалымат коопсуздугу – улуттук коопсуздуктун ажырагыс бир бөлүгү. Бүгүн чет элдик маалымат ресурстары Кыргызстандын маалымат мейкиндигин дээрлик ээлеп алган десек болот. Маалымат коопсуздугу маселеси “Уңгу жолдо” камтылганбы?

– Маалымат коопсуздугун мамлекеттин кызыкчылыгында сактоо бүгүн жеке эле Кыргызстанда эмес дүйнөлүк деңгээлде чоң проблемага айланган доордо жашап жатабыз. Дүйнөдөгү бардык тарабынан мыкты өнүктүк деген АКШ, Япония сыяктуу мамлекеттер деле маалымат коопсуздугун мамлекеттин кызыкчылыгынын деңгээлинде толук сактай албай жабыр тартып калганын көп эле окуп жүрбөйбүзбү. Ар кандай сырткы жана ички күчтөр демократия деген шылтоо менен мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнө коркунуч келтирген түрлүү маалыматтарды коомго жайылтууга кызыкдар экени да чындык. Мамлекеттик деңгээлде маалымат коопсуздугун сактоо иши ар бир мамлекетте токтобойт. Бул мамлекеттик идеологиянын башкы бутагы.

– “Уңгу жол” доктринасынын идеяларын калктын калың катмарына жеткирүү максатында кандай иштер жасалуу пландалган?

– Бул боюнча атайын иш-чара иштелип чыгып, Министрлер Кабинетинин төрагасынын тескемеси менен кабыл алынат. Учурда ал иш-чара иштелип чыгууда. Себеби, мындай омоктуу багытты көздөгөн “Уңгу жолду” аткаруу үчүн сөзсүз каражат талап кылынат. Ошону менен катар эле тиешелүү тармактарга атайын көрсөтмөлөр берилет.

РЕДАКЦИЯДАН: Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунда (улуттук доктринасында) башка бийик максаттар жана орчундуу милдеттер менен катар кесиптик билим берүү, жаштарга өнөр-кесип үйрөтүү чөйрөсүн жаңы нукта тынымсыз өнүктүрүү милдети белгиленген. Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити эмгек адамынын, жаратман кесиптин ээсинин, иштерман адистин жаркын образын даңазалоо, жогорку квалификацияга ээ адистерди даярдоонун, колдоонун жана эмгек каарманынын кадыр-баркын жогорулатуунун актуалдуу маселелерине арналган форумду демилгелеп, жаңырган 2025-жылдын башында республикалык масштабда болочоктогу максаттуу долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча кереге кеңеш өткөрүүнү болжоп турат.

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар