Пятница, 10 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Ойго салган интеллектуалдык коэффициент

Эл аралык IQ уюму Кыргызстан орточо IQ (интеллектуалдык коэффициент) боюнча 84-орунду ээлегенин билдирди.

Кыргызстандыктардын орточо IQ деңгээлинин коэффициенти 95ти түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу жакшырган. Алсак, 2023-жылы өлкөнүн тургундарынын орточо IQ деңгээли 93,46 болгон.

Рейтинг 127 өлкөдөн келген 1 млн. 400 миң адамдын тестинин жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Бардык респонденттер интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн баалоо үчүн бирдей тапшырмаларды аткарышты.

Кытай орточо IQ боюнча дүйнөдө биринчи, Иран менен Түштүк Корея экинчи жана үчүнчү орунда.

Кытайдын жашоочулары үчүн орточо балл — 107,43, Иранда – 106,63, Түштүк Кореяда – 106,57. Төртүнчү жана бешинчи орунду Япония (106,54 упай) жана Сингапур (105,25 упай) ээлегени айтылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылы дүйнөлүк орточо IQ 100 деп белгиленген. Албетте, бул рейтинг чыныгы реалдуулукту чагылдырбайт, анткени тестирлөөгө катышкан жарандардын тандалышы, аларга берилген суроолор жана башка жагдайлар субъективдүү мүнөздө болгондуктан, жаңылыштык кетиши толук ыктымал дешет адистер. Ошентсе да ойлоно турган маселе.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар