Пятница, 10 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Айыл чарба алдыга жылууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы өлкөнүн айыл чарбасынын дүң продукциясы 344,1 млрд. сомду түздү.

Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 6,1%га көп. Анын ичинен мал чарба продукциясы 156 млрд. 219 млн. сомду түзсө, өсүмдүк өстүрүүчүлүк 174 млрд. 926 млн. сом болду. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагына да өзгөчө көңүл бурулду.

10 айдын жыйынтыгы боюнча 70 млрд. 572 млн. сом өлчөмүндө товар иштелип чыкты. 2023-жылга салыштырганда 15 млрд. сомго көп болду. Буга чейин кайра иштетүүдө мындай көрсөткүч болгон эмес. Өсүү темпи 122 пайызды түздү. Бул көрсөткүчтөр өлкөнүн айыл чарбасы жана кайра иштетүү тармагы туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүнөн кабар берет.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар