Пятница, 10 января, 2025
1.6 C
Бишкек

«Алтынкен» компаниясы жаңы жылды кайрымдуулук акциясы менен баштады

Бул иш-чара жаңырган жылдын 5-январында Кемин шаарында жайгашкан «Күн шооласы» карылар үйүнөн башталды.

Иш-чарага Кытай Республикасынын «Цзы Цзинь» корпорациясынын Эл аралык бизнес бөлүмүнүн башкы директору Ляо Цзяньшэн, «Алтынкен» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Се Мэйюэ, Кемин районунун акими Кутпидин Шакиров, Орловка шаарынын мэри Аман Койшыбаев жана Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев, ошондой эле компаниянын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Компания карылар үйүнө 2 кап ун, 20 литр май, азык-түлүк, жер-жемиш азыктарын алып барып берди.

«Күн шооласы» карылар үйүнүн директору Татьяна Синюк «Алтынкен» компаниясынын ар бир майрамда көз жаздымына калтырбай, татаал тагдырга туш болуп, карылар үйүнөн башпаанек тапкан 38 ата-апаларды камкордугуна алып, жакындан берген жардамдарына ыраазычылыгын билдирди.

«Алтынкен» компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы Се Мэйюэ: – Компаниянын ишмердиги өткөн 2024-жылы ийгиликтүү жылдардан болду десем жаңылышпайм. Биздин негизги социалдык долбоорубузда жергиликтүү калктын аялуу катмарына жана кары-картаңдарга, тагдырдын татаал шарттарына туш болгон адамдарга кол сунуп, жакындан жардам берүү каралган. Мына өзүңүздөр көрүп тургандай  «Күн шооласы» карылар үйүнө ар бир майрамда  көз жаздымында калтырбай жардам берип келебиз. Буюрса, компаниянын иштери өркүндөп, өз нугунда иштеп турса, биз жардамыбызды аябай берип турабыз, – деди.

«Цзы Цзинь» корпорациясынын Эл аралык бизнес бөлүмүнүн башкы директору Ляо Цзяньшэн: – «Цзы Цзинь» корпорациясынын Африкада, Россияда, Тажикстанда, Монголияда ж.б. ондогон өлкөлөрдө “Алтынкендей” болгон компаниялары бар. Ар бир компания жергиликтүү  калк менен тыгыз байланышта иштешип, жакындан жардам берип келишет. Жыл башында карылар үйүнө жардам берип жаткан «Алтынкен» компаниясына ыраазычылык билдирем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтаарым: Урматтуу карылар! Сиздерди жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Жаңы жылда оорубаңыздар, аман болуңуздар. Компаниянын иштери ийгиликтүү жүрүп турса, сиздерге дайыма жардам берип турат, – деп айтты.

Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кутпидин Шакиров «Алтынкен» компаниясы  тарабынан өткөрүлүп жаткан кайрымдуулук акцияларынын маанилүүлүгүн белгилеп, Кемин районунун экономикасына жана калктын аялуу катмарына берген жардамдары үчүн компаниянын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Экинчи жардам, оор турмушта калган, өздөрү да майып Абакирова Нургүлдүн үй-бүлөсүнө көрсөтүлдү. «Алтынкен» компаниясынын өкүлдөрү жана райондун жетекчилиги барган учурда, бул үй-бүлөнүн кубанычында чек жок болду.

«Алтынкен» компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы Се Мэйюэ мындан ары байма-бай жардам берилип турарын айтып, ден соолук, ийгиликтерди каалады. Компаниянын атынан азык-түлүк жана акчалай жардам берилди.

Коңшу жашаган эженин айтымында, бул үй-бүлөнүн кожоюну Адилдин бир ныптасы жакшы иштебейт, кулагы дагы жакшы укпайт экен. Аялы Нургүл эки бөйрөгүнөн жабыркап, көп жылдан бери дарыланат. Жалгыз уулу Улук экинчи топтогу майып №3 мектептен окутпай чыгарып коюшкандан кийин Раим атындагы мектепте акча төлөп окушат экен. Кызы каза болуп калгандан кийин анын кызын дагы багышат. Өздөрү майып адамдар болгондуктан, тоголок жетим кызды багыш деле кыйын экен. Жашаган жерин ижарага алышкан. Улам ижара акысын көтөрүп коет. Мына ушундай кыйналып турган учурда “Алтынкен” компаниясы келип жардам берип жатканына кубанып жатабыз. Биздин угушубузда, райондо кыйналган адамдардын ишенгени “Алтынкен” компаниясы болуп калды. Жетим-жесирлерге, майыптарга дайыма жардам бергенин угуп, көрүп жатабыз. Иштеринде ийгилик болсун, – деди.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Туусу” гезити “Алтынкен” компаниясынын Кемин районундагы жакыр жашаган же майып адамдардын үй-бүлөсүнө социалдык, гуманитардык багыттагы жардамдарын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жеңилин жерден, оорун колдон алган иш-аракеттерин байма-бай жарыялап келет. Айталы дегенибиз, Кыргызстанда “Алтынкен” өңдүү көп эле ири компаниялар бар. Бирок, алардын, бул багыттагы ишмердүүлүгү анчалык байкалбай, көмүскөдө калып келет. Жалпыны кубанткан жакшы иштерди коомчулуктун да билип турганы дурус эмеспи. Андыктан, “Алтынкен” сыяктуу ири компаниялардын жергиликтүү эл, мамлекеттик органдар менен гуманитардык багыттагы биргелешкен ишмердүүлүгүн жалпы журтка жеткирип турууга даяр экендигибизди айта кетели.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар