«Айдан Фарма» фармацевтикалык заводунда дары-дармектердин алгачкы беш түрү чыгарыла баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 10-январда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев заводго барып иштин жүрүшү менен таанышты.
Заводдон:
парацетамол (суспензия жана таблетка түрүндө); ибупрофен (суспензия түрүндө); ацетилсалицил кислотасы (таблеткалар); ацикловир (таблеткалар) дарылары күнүгө 10 000 кутудан чыгарылууда.
Дары-дармектерди «Эл Аман» дарыканаларынан арзан баада алсаңыздар болот.