КР Юстиция министрлигиндеги кайра каттоодон кийин, Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелери Түркиянын «Маариф» фондуна өттү. Юстиция министрлигинин интернет сайтындагы маалыматта уюштуруучулар катары: КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, эл аралык «Маариф» билим берүү мекемеси жана Түркиянын «Маариф» фонду көрсөтүлгөн.
2-январда, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу «Маариф» түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Ошентип, мындан аркы ишмердүүлүгүнүн юридикалык жоопкерчилиги «Маариф» фондуна жүктөлдү.
Учурда бул окуянын айланасында ар кандай талкуулар, талаштар жүрүп, билип да, билбей да сөз айткандар арбын болгондуктан, айрым жагдайларга тактоо киргизип койгонубуз жөнбү деп ойлойбуз.
Окурмандардын эсинде чыгар, КР Билим берүү министрлиги менен түркиялык «Себат» билим берүү ассоциациясынын ортосунда алгач жолу 1992-жылдын 2-майында кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлган. Мындай келишимдин түзүлүп калышына ошол мезгилдеги Түркия бийлигинин, асыресе Сулейман Демирелдин ролу чоң болгонун белгилеп коюшубуз керек. Натыйжада, «Себат» билим берүү мекемелерине Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде колдоо болуп, биздин мамлекетте бала бакчалар, мектептер, кесиптик окуу жайлар массалык түрдө жабылып жатканда, «Себат» билим берүү мекемелери ачылып, ага бош, ээн калган билим берүү мекемелеринин имараттары бериле баштаган. Кээ бир учурларда кесиптик окуу жайларын же бала бакчалардын имараттары атайылап эле бошотулуп, «Себат» кыргыз-түрк лицейлери кирген учурлары болгон.
«Себат» билим берүү мекемелери аз эле убакытта кулач жайып, жомоктогудай өнүгүп кеткенинин сыры мына ушунда. Жаңылбасак, «Себат» бир да лицейдин, же билим берүү мекемесинин имаратын өзү кургандыгы тууралуу маалымат жок. Даяр имараттарды алып, бир аз оңдоп-түзөп, ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган.
2016-жылы 15-июлдан 16-июлга караган түнү Түркияда аскердик төңкөрүш болуп, президент Реджеп Тайип Эрдоган бул козголоң үчүн Фетхуллах Гүленди айыптап, элди Түркияны коргоп калууга чакырды. Миңдеген адамдар президент Эрдоганды колдоп, көчөгө чыгып, армия менен козголоңчулардын ортосунда куралдуу кагылыш болду. Жүздөгөн адамдар каза болуп, миңдеген козголоңчулар кармалды. Гүленчилер менен байланышы бар делип, 80 миң киши кармалган.
2016-жылдагы аскердик төңкөрүштү аеосуз баскан соң, түрк бийлиги өзү менен кызматташкан бардык мамлекеттерден диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин, анын ичинде «Себаттын» ишмердигин токтотууну талап кылган. Ушундай эле талап менен алар Кыргызстанга да кайрылган.
Тилекке каршы, ошол кездеги расмий бийлик алардын талабын тоңдоосун кабыл алып койгон. Натыйжада эки өлкөнүн мамилеси кадыресе сууй түшкөн. Ошондон соң гана, 2017-жылы «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.
2016-жылдагы Түркиядагы аскердик төңкөрүш өз максатына жетпей калган соң, «Сапаттын», же тагыраагы мурдагы «Себаттын» «Маариф» фондуна өтүшүн мыйзамченемдүүлүк катары карасак болот. Биз Түркия менен тилектеш мамлекетпиз. Демек, мамлекеттин чечимдерин сыйлоо менен кабыл алышыбыз шарт.
Бул чечим жогорку деңгээлде кабыл алынган. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Маариф» фондунун Борбор Азиядагы директору Хүснү Биржан менен жолугушуп, «Сапат» билим берүү мекемелер тармагын «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөрүү чечимине келишкен. Эдил Байсалов: «Сапат» тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын бир топ жакшыртарына ишенебиз. Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде, эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен так жүргүзүлүшү маанилүү”, – деген ишенимин билдирди.
Демек, аталган билим берүү мекемелеринин ишмердигине эч кандай тоскоолдук жаралбайт жана «Маариф» фондуна өтүүдөн билим берүүнүн сапатына доо кетпейт, тескерисинче жакшырышы мүмкүн деп ишенсек болот. Себеби, бул жеке менчик билим берүү мекемеси эмес, Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу «Маариф» фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.
Хүснү Биржан да «Маариф» фонду жакынкы айларда Кыргызстандын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө ири инвестицияларды тартууну көздөп жатканын да билдирди.
Андыктан, биздин социалдык түйүндөрдө отурган «диван эксперттерибиз» «Сапаттын» айланасында ар кандай дуу-дуу сөздөрдү жаратканы туура эмес деген ойдобуз.
Мурдагы «Себат», кийинки «Сапат» Кыргызстанда эмне ийгиликтерге жетсе, анын баары кыргыз мамлекетининин түздөн түз колдоосу менен болгон. Дагы да кайталайбыз, аталган билим берүү мекемелери ээлеген окуу имараттары жаңылбасак, мурдагы бала бакчалар, кесипчилик окуу жайларынын имараттары, же башка багыттагы имараттар болгон. Ал эми «Маариф» фонду болсо, Бишкекке миллиондогон акча каражатын салып, 400 орундуу билим берүү комплексин ачкан. Айырма көз көрүнөө.
Демек, «Сапатка» тиешелүү билим берүү мекемелеринин «Маарифке» өтүшү менен анын ишмердиги жана билим берүү сапаты жаңы тепкичке көтөрүлөт деп ишеним кылсак болот.
P.S. Кечээ, Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы «Сапат» билим берүү мекемелер тармагынын «Маариф» эл аралык фондунун башкаруусуна өткөрүлүшүнө байланыштуу «бул чечим «Сапат» билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын, окуучуларынын, студенттеринин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын жакшыртат деген ишеничте кабыл алынганын» билдирди.
«Маариф» эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелер тармагынын «Маариф» эл аралык фондунун башкаруусуна өтүшү билим берүү мекемелеринин ишмердигин үзгүлтүккө учуратпайт. Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде “Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Мамлекеттик билим берүү стандарттарына, предметтик стандарттарга, базистик окуу пландарына жана окуу программаларына ылайык билим берүү процесси уюштурулат. Тарбиячылар, мугалимдер жана окутуучулар мурдагыдай эле өз кесибин аркалай беришет. Тарбиялануучулар, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантышат. Билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун укуктары корголот” — делет министрлик тараткан маалыматта.
Айта кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, «Сапат» билим берүү мекемелер тармагында билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлинен түшүрбөө, колдон келсе, азыркыдан да жогору деңгээлге чыгаруу керектигин баса белгиленген.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»