Дональд Трамптын Мексика булуңун Америка булуңу деп өзгөртүү тууралуу билдирүүсүнө жооп катары Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум тамаша иретинде Түндүк Американы Мексика деп атоону сунуштады.
Өзүнүн пресс-конференциясында Клаудия Шейнбаум 1607-жылдагы колониялык эпохада түзүлгөн картанын алдына туруп, учурдагы АКШнын бир катар бөлүгү мурда Мексиканын аймагына киргенин көргөзүп, Түндүк Американы Мексикалык Америка деп өзгөртүүнү сунуштады. Анткени 1814-жылдагы документте бул жерлер дал ушундай аталган.
“Жакшы угулат ээ?”-деп какшыктады.