Суббота, 11 января, 2025
-12.9 C
Бишкек

«Ийгиликтин башаты – китеп окуу менен тил үйрөнүүдө»

Түркиядагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган, жаштарды шыктандыруу максатында социалдык тармактарда активдүү блог алып барган аракетчил жаштарыбыздын бири Марлен БОРУБАЕВ менен маек курдук.

– Марлен, кандайча Түркияга барып окуп калгансың? Чет өлкөдө билим алам деген балалык кыялың беле?

– Мектепте окуп жүргөндө эле чет өлкөдө окуп, эл-жер, маданият тааныгым келчү, бирок, эмнегедир бул нерсе колумдан келбечүдөй сезиле берчү. Анткени айыл жергесине көп мүмкүнчүлүктөр, маалыматтар жете бербейт эмеспи. Бирок, китеп окуу менен бул кыялымды ишке ашыра аларыма ишенип, дайыма изденүүнүн үстүндө жүрдүм. Мектепти бүтүргөн соң, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшырып, 1 жыл окудум. Бул аралыкта түрк элинин бай маданияты, түркүн түстүү жашоо образы, кооз жаратылышы мени абдан кызыктырып, Түркияга барсам деген ынтызарлыгымды арттырды. Ошентип, Түркиянын Измир шаарына келип калгам. Учурда, Докуз Ейлүл университетинин Америка маданияты жана адабияты бөлүмүндө 2-курста билим алып жатам.

– Instagram баракчаңды активдүү алып барат экенсиң. Ал жакта көбүнчө тил үйрөнүү, көп тил билүүнүн артыкчылыктары тууралуу ой-пикирлериңди жазыптырсың. Өзүң кайсы тилдерди билесиң?

– Мен кыргыз тилинен башка орус, англис, жана түрк тилинде баарлашам. Дээрлик күн сайын ушул тилдерди алмак-салмак колдонгонум үчүн кээде аралаштырып, кайсы тилде сүйлөп жатканымды байкабай калган учурларым болот. Тил үйрөнүүнү Жылдыз Арыстанбек деген эжемдин кеңеши менен 9-классымдан баштагам. Чет өлкөгө чыгам деген максатта 3 жыл англис тилин үйрөндүм. Кийин “Манас” университетинен түркчө үйрөндүм. Тил билүү – ачкыч, ал ачкыч менен көп эшиктер ачылат экенине толук ынандым. Тил билүү – мага чет өлкөдө билим алуума гана эмес, финансылык жактан өзүмдү камсыздоого да жардам берип келүүдө. Ошондуктан, мен сыяктуу жаштарга сөзсүз чет тилдерин үйрөнгүлө деп кеңеш берем. Анткени тил билүү – мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып, максаттарыңа жетчү жолдорду кеңейтет. Азыркы учурда жогорку билимиң болбосо деле тил билсең дүйнөнүн төрт тарабынан жакшы жумуштар табылып жатпайбы.

– Чет өлкөгө чыкканда кайсы көз караштарың өзгөрдү?

– Азыр байкасам, чет өлкөгө чыга электен мурун “кыла албайм го, колумдан келбейт же ал үчүн акча керек” деген тайыз түшүнүктөр, күмөн ойлор курчап, өзүмө болгон ишеним аз экен. А бул жакка келгенден кийин чындап аракет кылсаң жана күчтүү каалооң болсо баарына жетүүгө мүмкүн экенин түшүндүм. Ошол себептүү мен сыяктуу жаштарга “коркпогула, өзүңөргө ишенгиле. Башкалардын колунан келип жатса сеникинен да келет. Андыктан багытыңардан тайбай аракет кыла бергиле”  дегим келет. Instagram баракчамды дагы ушул максатта жүргүзүп келем. Аудиториям көбүнчө мектеп окуучулары, студенттер болгондуктан, аз да болсо аларга дем берүүчү, шыктандыруучу постторду жазып, видеолорду тартып келем. Муну менен изденүүнүн үстүндө жүргөн жаштарга  кичинекей пайда келтире алсам, бул мен үчүн чоң
жетишкендик.

– Биздин билим берүү системабызды Түркияныкына салыштырып көрсөң керек? Кандай салыштырмалуу кемчиликтерди же артыкчылыктарды байкай алдың?

– Бул жакта эптеп баа алып, эптеп окууну бүтүп, дипломдуу болсом дегендер аз, “чындап” окугандар көп. Түрктөр эң алгач өзү кызыккан кесипти тандоого аракет кылышат. Албетте, өзүң каалаган кесип болсо, окуган окууң дагы кызыктуу болот эмеспи. Сынакка 1 ай убакыт калганда китепкана, кофеканалардын баарында сабак окуп, жанталашып даярданып жаткан студенттерди кезиктиресиң. Анткени сынактар аябай оор. Сабактарын акча менен бүтүрүү же ортого тааныш-билиш салуу деген таптакыр жок, студент баарын өз күчү, өз билими менен бүтүргөнгө туура келет. Биздин окуу жайларда конспект жазуу, реферат даярдоо деген майда-чүйдө иштер өтө эле көп. А бул жакта сабакка келесиңби, келбейсиңби мугалимдин иши жок, болгону теманы жакшы өздөштүрүп, сынактарда жетиштүү билимиңди, үйрөнгөнүңдү көрсөтсөң ошол жетиштүү. Бул дегеним, сабактар оңой, жеңил деген сөз эмес, тескерисинче, кыйла татаалыраак. Лекция жазууга, теория жаттоого эмес, сапаттуу билим алып, аларды практика жүзүндө колдоно алганыңа басым жасалат. Сынактан да ушуну далилдешиңе туура келет. Бизде дагы “чындап каалап, сүйүп окугандар” көп болсо дейм.

– Алдыга койгон максаттарың кандай? Кыргызстанга келип кайсы тармакты өнүктүргүң келет?

– Эң чоң максаттарымдын бири – жаштарыбыздын, өзгөчө айыл жергесиндеги жаштардын сапаттуу билим алуусуна, ой өрүшүн жогорулатууга, эл-жер көрүп, өз дараметтерин туура колдонуусуна салым кошкум келет. Жаштардын ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын кеңейте турган, сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандыра турган билимдерге басым жасалышы керек деп эсептейм. Булар кесипкөйлүктө эле эмес, күндөлүк турмушта да өтө чоң мааниге ээ. Анан дагы Түркияда атайы окуучуларга, студенттерге арналган “Жаштар борборлору” көп. Бул борборлордо чет тилдерин үйрөнүү, спорт менен машыгуу сыяктуу адамды интеллектуалдык, руханий жана физикалык жактан өстүрө турган ар тараптуу ийримдер бар. Борборлор мамлекет тарабынан каржылангандыктан, бардык нерсе акысыз. Жаштар 8-9-классынан  баштап өзү кызыккан тармактарды жакындан таанып, алектенип көргөнгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул борборлор туура кесип тандоого, ар тараптан өнүккөн жаштарды өстүрүүгө жана алардын жаман жолго азгырылбоосун алдын алат. Мен дагы Кыргызстанда ушул сыяктуу жаштар борборлорун ачкым келет. Ушул багытта тажрыйба топтоп, изилдеп жаткан кезим.

– Чет жерде жүргөндө мекендин кадырын жакшы түшүнөсүң дешет го. Кыйынчылыктар болбой койбосо керек…

– «Бактылуулук өз үйүңдө экенин түшүнүү үчүн бүт дүйнөнү кыдырып чыгууга туура келет» дегендей, бүт дүйнөнү кыдырбасак да, чет жерде жүргөндө өз мекенибизди, үй-бүлөбүздү сагынабыз. Чет өлкөдө жүргөндө өз өлкөңө болгон көз караш өзгөрөт экен. Мекенчилдик сезимиң ойгонот. Кыскасы, чет жакка чыкканда чындап эле өз мекениңдин кадырын көбүрөөк түшүнөт экенсиң. Кыргызстанда жүргөндө түндүк-түштүк деп бөлүнүп-жарылып жүргөндөр, бул жакта Кыргызстан деп биригишет. Жакында эле Кыргызстанды таанытуу иш-чарасы болуп, ал жакта өзүбүздүн болгон жакшы тараптарыбызды таанытканга аракет кылдык. Келген коноктордун көпчүлүгү аябай суктанышты. Эл аралык маданий иш-чаралар дагы тез-тез уюштурулуп турат. Ошондой иш-чараларда Кыргызстандын атынан чыгайын деп атайы каникулда комуз үйрөндүм.

Албетте, чет элде жүргөндө кыйынчылыктар болбой койбойт. Алгач келгенде бул жактын тамак-ашына, коомуна көнүшүп кетүү бир аз кыйыныраак болду. Тил билбесең андан кыйын. Ошого бул жакка келүүдөн мурун тил үйрөнүү – аябай эле артыкчылык берет. Анан дагы үй-бүлөсүнөн узакта, ата-энесин сагынып, кусалыктан кыйналган кыргыз студенттери көп. Ушунун айынан окуусун таштап кеткен досторум да болду. Мунун алдын алуу үчүн келе турчу студент өзүн моралдык да, материалдык да жактан даярдоосу кажет экен.

– Ал жак менен бул жактагы жаштардын айырмачылыгын байкай алдыңбы? Эмнеден аксап, эмнеден алдыда экенбиз?

– Жеке менин баамымда, ааламдашуу доорунда жаштардын баарынын эле колдонгон соцтармактары, ойлонгону, көргөн нерселери бир болгон үчүнбү ой жүгүртүү жагынан көп деле айырмаланышпайт. Бирок, Түркияда бизге салыштырмалуу китепкөй жаштар көп. Автобуста, метродо, парктарда китеп окуп отурган жаштарды көп көрөсүң. Жогоруда да айтып өткөнүмдөй, билим жаатында кандайдыр бир деңгээлде бизге үлгү боло алышат. Бирок, биздеги тарбия, адеп-ахлак, улууга урмат, кичүүгө ызат жагынан биз алдыдабыз деп ойлойм. Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, бул жакта жаштар ден соолугуна жакшы кам көрүшөт.

Биздеги эң чоң кемчилик – китеп окуу маданиятынын төмөндүгү. Бул багытта атайы иш алып барып жаткандар бар. Бирок, ал жетишсиз. Биз буга абдан маани берип, китеп окуу маданиятын жогорку деңгээлде калыптандыруубуз кажет. Китеп окуган адамдын ой жүгүртүүсү бийик болот. Андай адамдар бардык жерде ийгилик жарата алышат.

Дайыма аракеттенип, чарчаганда таштап койгонду эмес, эс алып, кайра улантууну билишибиз абзел.

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар