“Кыргыз Туусунун” жыл тогошоордогу ((27-декабрь 2024-жыл) санына “Кагылайын карылар” деген, ушул сүрөткө жазылган ырым жарыяланган.
Гезитибиздин сайты аркылуу интернет булактарына тарап кеткенден кийин, бул сүрөттөгү аксакалдын ким экендиги тууралуу, анын балдар, кыздары сыймыктануу менен айтып чыгышты.
Окурманыбыз Кымбат Чымбаева бул кишинин аты-жөнү Алтыбай Осмоналиев, Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн тургуну экендигин, 1941-жылы туулгандыгын жазат.
“Бул киши менин атам болот. Атам күлүк таптап, көк бөрүгө түшүп жүргөн, өзү айкөл адам болгон. Биздин үй-бүлөнүн атынан сиздерге таазим”, – деп билдирген.
Ал эми уулу Мирбек Осмоналиев мындай дейт: “Мен бул кишинин уулдан үчүнчүсү болом. Биринчиден авторго рахмат. Атам раматылык 2022-жылы январь айында каза болду. Бейишин берсин. Атам ушул сүрөттөгү аты үчүн керек болсо жанын да садага чаап жибергенге даяр болчу. Дегеле, жылкы дегенде алдындагы ашы ичилбей калып калчу”.
Көрүнүп тургандай, сүрөттөгү Алтыбай Осмоналиев өмүр бою күлүк таптап, ат кадырын билген, улуттук оюнубуз болгон көк бөрүнүн чыныгы күйөрманы, баскан улагын башкага алдырбаган чыгаан оюнчу болуптур.
Белгилей кетсек, 2026-жылы кезектеги Көчмөндөр оюну Кыргызстанда өтөт. Анда да Алтыбай Осмоналиев өңдүү улуу муундан үлгү алган көк бөрүчүлөрүбүз өз өнөрлөрү менен өлкөбүздү дүйнөгө таанытарына шек жок.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
“Кыргыз Туусу”