Пятница, 10 января, 2025
1.6 C
Бишкек

Эльмира НАРМАТОВА: «Аив – инфекциясын алдын алуу – баарыбыздын милдетибиз»

Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директору Эльмира НАРМАТОВА менен маек.

Өткөн жылы 1-декабрда Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө  карата  бир айлыктын алкагында иш-чаралар Ош шаарында жана Ош облусунда жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук  жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунда 1988-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечиминин негизинде 1-декабрь – СПИД оорусуна каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү жыл сайын татыктуу өткөрүлөт.

Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн максаты – ВИЧ-инфекциясынын жана СПИД боюнча глобалдык маалымдуулукту жогорулатуу жана пандемияга каршы эл аралык тилектештикти көрсөтүү. Бул күнү мамлекеттик жана жеке секторлордогу өнөктөштөргө пандемиянын абалы жөнүндө маалымат таратуу, ВИЧ жана СПИДдин алдын алуу, дарылоо жана кам көрүү боюнча прогресске көмөк көрсөтүү үчүн эң реалдуу мүмкүнчүлүк берилет.

Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директору, медицина илимдеринин кандидаты Эльмира Нарматова биз менен болгон баарлашуусунда учурдагы жүргүзүлүп жаткан аракеттер, алардын натыйжасында пайда болгон ийгиликтер туурасында айтып берди.

– Эльмира Балтабаевна, узак жылдардан бери ушул мекемени ийгиликтүү жетектеп, аны менен кошо мезгил өтүшү менен балакеттүү СПИД дартынын абалына кесипкөйлүк бааңызды берип келе жатасыз. Учурда облуста абал кандай?

– Азыркы заманда АИВ – инфекциясынын эпидемиясы көп өлкөлөргө таасирдүү социалдык-экономикалык кризис алып келип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Бул илдет өтө көп терс таасирин калтырып жатат. Анткени АИВ – СПИД бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун жана коомдук саламаттыкты сактоонун глобалдык көйгөйүнө айланып баратат. Азыркы шартта АИВ – инфекциясынын эпидемиясы бардык жер шары боюнча, айрыкча Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда таркалуусу уланууда.

АИВ – инфекциясынын эпидемиясынын алдын алуу боюнча биздин өлкөбүздө чечкиндүү жана натыйжалуу иш-чаралар көрүлүп келүүдө. Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоону реформалоого багытталган Улуттук программанын бирден-бир максаты – бул өлкөнүн аймагында АИВ илдетинин жайылышын көзөмөлгө алуу жана анын таркалуусун азайтуу болуп эсептелет. Ошондуктан Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборуна өзгөчө милдеттер жүктөлгөн.

– Борбордун материалдык-техникалык абалы кандай, талапка жооп береби?

– Биздин борбор 2 кабат имаратка жайгашып, кызматкерлер үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, лаборатория үчүн атайын кааналар каралып, заманбап лабораториялык жана офистик жабдуулар менен камсыздалынган. Акыркы 4-5 жыл аралыгында Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун материалдык базасын чыңдоого жана заманбап лабораториялык жабдыктар менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда. Атап айтканда, имарат толугу менен оңдолуп, чатыры алмаштырылды. Лаборатория, диспансердик бөлүмдүн имараттары реконструкцияланды жана кошумча бөлмөлөр уюшулду. Ошондой эле ресурстук борбор ачылып, бул борбордун жардамы менен семинар, тренингдер өткөрүлүүдө.

Лабораториянын ишин жандандыруу, анын статусун жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан, акыркы жылдарда эл аралык уюмдардын жардамы аркылуу жаңы бир топ лабораториялык аппараттар алынып, ишке киргизилди (ПЦР аппарат, проточник ж.б.). Андан башка АИВ – инфекциясын жуктурган адамдардын иммундук статусун аныктоо максатында лабораториянын базасында агымдык цитометрия аппараты ишке киргизилген. Ошондой эле заманбап деп эсептелген ПЦР аппараты иштеп жатат. Бул лабораториялык жабдыктар бүткүл түштүк региондорун тейлөө үчүн каралган.

Азыркы учурда Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун курамына диспансердик, эпидемиологиялык, мониторинг, уюштуруу-усулдук, күбөлөндүрүү бөлүмдөр жана диагностикалык лабораториясы кирет. Бардыгы болуп 19 дарыгер жана 32 орто медициналык кызматкерлер эмгектенишет.

– Борбор түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга жараша АИВ – инфекциясынын көйгөйү боюнча кандай багытта иш-чараларды алып барууда?

– АИВ – инфекцияга карата эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү жана эпидемияга каршы иштерди уюштуруу, профилактикалык жана эпидемиянын таркалышын алдын алуу иш-чараларын алып баруу биринчи орунда турат. Экинчиден, бирден-бир милдет болуп – бул АИВ – инфекциясына чалдыккан адамдарды дарылоо, диспансердик көзөмөлгө алуу, аларга консультация берүү болуп саналат.

Бул борбордун негизги иштеринин бири болуп, АИВге лабораториялык тестирлөө, АИВ-инфекциясын лабораториялык жол менен аныктоо болуп эсептелет. Ошону менен бирге кан аркылуу жугуучу вирустук В жана С гепатиттерин аныктоо жагы дагы биздин мекемеге жүктөлгөн.

Азыркы учурда АИВ-инфекциясынын жайылышын алдын алуу, анын социалдык-экономикалык залалдыгын азайтуу коомдук саламаттыкты сактоонун бирден-бир милдети. Ошондуктан, профилактикалык иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулууда. Ош облусунда АИВ дартын алдын алуу 1987-жылдан бери жүргүзүлүүдө. АИВ-СПИДди алдын алуу саясаты көп тармактуу болуп, бул ишти аткарууда мамлекеттик, коомдук, мамлекеттик эмес уюмдар, жеке жарандар биргелешип аракеттенүүнү камсыз кылып, ошондой эле Мамлекеттик программанын алкагында бардык кызыкдар тараптар биргелешип иш алып барылды.

– Баары салыштырууга байланыштуу эмеспи. Дүйнөлүк коомчулукта аталган илдет кандай деңгээлде турат?

–  ЮНЭЙДСтин (2024) баалашы боюнча 2024-жылдын башталышына карата дүйнө жүзүндө АИВ-СПИД менен жашаган адамдардын саны 39,9 миллионго жетти. Бул деген 2001-жылга караганда 15%га көп болгонун түшүндүрөт.

Дүйнө жүзү боюнча 2023-жылы 1,3 млн. адам АИВ – инфекциясын жуктурган, анын ичинен 430 миңдейи 15 жашка чейинки жаш балдар. ЮНЭЙДСтин аныктамасы боюнча дүйнө жүзүндө АИВ – СПИДдин кесепетинен 42,3 миллиондон ашык адам каза болуп, жер шарындагы көп өлкөлөрдө терең демографиялык өзгөрүүлөрдү алып келгендиги байкалууда.

Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө АИВ – СПИД дарты менен жашап жаткан адамдардын саны акыркы жылдары тездик менен өсүп, 2024-жылдын башталышына карата алардын саны 2,1 миллионго жетти. Башкача айтканда, бул көрсөткүч он жылдын аралыгында 10 эсеге өстү. 2023-жылдын ичинде 140 миң киши АИВ-инфекциясын жуктурган, 44 миң киши каза болгон.

АИВ – инфекциясынын эпидемиясы Кыргызстанда таркалышы терең масштабдуу болуп бара жаткандыгын, бул оорунун жыл сайын өсүп, көбөйүүсү далил боло алат. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинде биринчи болуп АИВ – инфекция-сы 1996-жылы катталса, 2001-жылга чейин булардын саны болгону 14 кишиге жеткен. 2001-жылдан тартып Кыргызстандын жарандарынын арасында АИВ – инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйө баштаган. Бул айрыкча ийне аркылуу баңги зат алган адамдардын (наркомандар) арасында тез таркалган.

Республикалык «СПИД» борборунун расмий маалыматы боюнча 2024-жылдын 1-ноябрына карата кыргызстандыктардын арасында 13244 киши АИВ-инфекциясын жуктурган.  Ал эми эл аралык серепчилердин айтымында, бир расмий катталган АИВ-инфекциясына 4 катталбаган туура келет. Же болбосо бул теңдеме коэффициенти 1:4 болуп саналат. Демек, «айсберг» феноменин эске алганда, биздин республикада жалпысынан 34-35 миңге жакын АИВ – инфекциясын жуктуруп алган жарандар болушу мүмкүн.

– ВИЧ – инфекциясы көп катталган республикадагы аймактар жөнүндө маалыматтар барбы?

– 2024-жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ-инфекциясы республиканын бардык аймактарында катталган. Бирок, эң көп катталган аймактарга Бишкек шаары (3628 киши же республикада катталгандардын 27,4% түзөт), Ош шаары (1403 же 7,4%), Ош (1978 же 14,9%), Чүй (3342 же 25,2%), Жалал-Абад (1508 же 11,4%) облустары кирет. Ал эми ВИЧ-инфекциясы азыраак катталган аймактарга Баткен (352 – 2,6%), Ысык-Көл (330 – 4,0%), Нарын (291 – 2,2%) жана Талас (212 – 1,6%) облустары эсептелет.

Айта кетчү нерсе, Ош шаары менен Ош облусу ВИЧ-инфекциясынын өсүшү боюнча республикада эң алдыңкы орундарда келе жатат. Республикада катталган ВИЧ-инфекциясынын 25,7%ы ушул аймактарга таандык болуп эсептелет. 2024-жылдын 1-ноябрына карата Ош облусунун региондорунда катталган ВИЧ-инфекциясынын саны төмөндөгүчө: Карасуу районунда – 1047, Ноокатта – 422, Алайда – 81, Араванда – 92, Өзгөндө – 254, Кара-Кулжада – 74, Чоң-Алайда – 8 киши.

Анализ көрсөткөндөй, 2024-жылдын 10 айында АИВ – инфекциясынын таркалуусу орточо эсеп менен 1,5-3,8 эсеге азайышы байкалууда. Булар негизинен Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондору болуп эсептелинет. Бирок, Алай, Араван, Кара-Кулжа райондорунда АИВ – инфекциясынын эпидемиологиялык кырдаалдын өсүшү байкалууда.

Азыркы убактагы Кыргыз Республикасындагы, анын ичинде Ош шаары жана Ош облусунда АИВ – инфекциясынын эпидемиясынын өзгөчө мүнөздүүлүгү болуп анын бойго жеткен курактагы аялдардын, эмгекке жарамдуу курактагы калктын арасында таркалуусу болуп жатат. Ушуга байланыштуу АИВ оорусуна чалдыккан энелерден оорулуу балдар төрөлүшү көбөйүүдө. Айта кетсек, азыркы учурда бардык катталган АИВ – инфекциясын жуктургандардын 38,6%ын аялдар түзөт. Жалпы АИВ-инфекциясына чалдыккандардын ичинен аялдардын салыштырма салмагы 2001-жылы 4,5%дан 2024-жылга карата 40,2%га көбөйгөн, башкача айтканда 8-9 эсеге өскөн.

Ал эми жашы боюнча негизинен 20-29 (23,5%) жана 30-39 (31,6%) жаштагылар АИВ – инфекциясы менен жабыркашат. Көрсөтө кетчү жагдай, АИВ – инфекциясына кабылган аялдардын жарымына (48,6%) чейинкилери 20-29 жаштагылар кирет.

– Баңгизаттарды ийне сайып колдонгондор жугуштуу ооруну көп жуктурушабы, же жуктуруунун башка жолдору дагы барбы?

– Убакыт өткөн сайын АИВ-инфекциясынын калк арасында жугуу жолдору жана жуктуруу факторлору өзгөрүп тургандыгын айта кетүү зарыл. Мисалы, 2005-жылдары 89% АИВ – инфекциясы ийне аркылуу баңги заттарды алганда жуктурулса, 2024-жылы бул жол менен жуктургандардын саны 2,5%га чейин төмөндөгөн. Башкача айтканда, 30 эсеге азайган. Ошол эле убакта, бул аймактарда АИВ – инфекциясын жыныстык жол менен жуктургандардын саны 2005-жылга чейин 8,8% болсо, 2024-жылы 81,5%га чейин жогорулаган, же 9 эсеге өскөндүгү байкалууда. Бул көрсөтүлгөн жагдай АИВ-инфекциясынын эпидемиясы «шектүү» деген (баңгилер, сойкулар, камактагылар ж.б.) топтордон жалпы калк арасына өтүп, алардын арасында таркай баштагандыктын белгиси болуп эсептелет. Тилекке каршы, биздин аймактарда АИВ-инфекциясына чалдыккан жашы 15ке чейинки балдардын көбөйүп кетиши тынчсыздандырат.

– Ооруну жуктурбоонун алдын алуу иштери кандай жүрүп жатат?

– Азыркы шартта АИВ-инфекциясынын алдын алуучу эффективдүү иш-чараларды өткөрүү негизги маселе. Эгерде бул иш-чаралар колдонулбаса АИВ-инфекциясы калктын ар кандай топторунун арасында таркалып, социалдык, экономикалык, медициналык, демографиялык, жада калса саясий залалдары келип чыгышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндөгү АИВ-инфекциясынын таркалуусунун динамикасы, анын келечектеги таркалуу божомолдору, көйгөйлөрү, эске ала турган бул оорунун залалдыктары көрсөткөндөй, медициналык жана социалдык- нравалык көйгөй бири-бири менен тыгыз байланышкандагысы, АИВ – СПИД проблемасынын өтө курч жана көп грандуу  экендигинде.

Ушул айтылгандар бардык деңгээлде күчтөрдү жана аракеттерди чогултуп, биргелешип эң оор болгон АИВ – инфекциясынын эпидемиясынын өсүшүн жана таркалуусуна бөгөт коюу зарылчылыгы келип чыгууда.

Мамлекет тарабынан эпидемияны алдын алуу боюнча чечкиндүү кадамдар жасалууда. Буга чейин атайын КР мыйзамы кабыл алынган, 5 жолу Мамлекеттик программалар кабыл алынып, мүмкүн болушунча практикалык иштер аткарылды. Бул программаларды аткарууда бардык министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик мекемелер, ошондой эле граждандык, коомдук бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү активдүү катышышты. АИВ – СПИД эпидемиясына карата маанилүү жардамды эл аралык коомчулук көрсөтүүдө.

– Эльмира Балтабаевна, адис катары жарандарыбызга эмне деп кайрылат элеңиз?

– Учурдан пайдаланып айта кетүүчү жагдай, ар бирибиз АИВ – инфекциясынын таркалуусун токтотконго жана СПИД оорусунун залалдыгын азайтканга жардам берели. Болгону өзүңдү жана башкаларды АИВ – оорусунан сакта, АИВ – инфекциясына чалдыккан адамдарга адамгерчилик мамиле жасоо, алардын айланасында жакшы психологиялык кырдаал түзүү, ошондой эле АИВ – СПИДден сактоонун ыкмалары жана каражаттары жөнүндөгү сөздөр ж.б. жардам  берет.

Жогоруда көрсөтүлгөн цифралар бизди тынчсыздандырбай койбойт. Ошондуктан бул ооруну алдын алуу ар бир инсандын милдети деп айтып келебиз.

СПИД бул – АИВ – инфекциясынын акыркы стадиясы, бул вирус ооруга каршы организмдин коргонуу мүмкүнчүлүгүн кыйратып, адамды өлүмгө дуушар кылат.

АИВ-инфекциясы 3 жол менен жугат:

– вирусту жугузуп алгандар менен жы-ныстык катнаш учурунда;
– кан аркылуу – парентералдык жол менен;
– АИВ – позитив энеден төрөлгөн балага берилиши мүмкүн.

АИВ – инфекциясы – бул жүрүм-турумга байланышкан оорулар. Өз жүрүм-турумуңду өзгөртүү менен беткап тагынуудан, презерватив колдонуудан баштап, саламаттык сактоо системасына, адам укуктарына, медициналык кызматкерлердин укуктарына көңүл буруу жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү – ушуга чейинки ар бир деңгээлде жоопкерчиликти сезүү менен биз эки пандемиянын жолун бууй алабыз. Бардык медициналык мекемелеринде, улуттук, эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коом менен АИВге тест алуу боюнча өнөктүгүн улантат. Ошентип ар бир ыктыярдуу жаран өзүнүн АИВ – статусун биле алат.

Эсиңизде болсун! Сиз өзүңүздү АИВ илдетинен сактасаңыз болот, ал эми ооруп калгандарды ал дарттан дарылап сакайтуу азырынча мүмкүн эмес.

Азыр ар бир адам АИВ – инфекция жөнүндө толук билүү керек, анын белгилери, азыркы мезгилдеги абалы, оорунун таралуу жолдору, анын алдын алуу күрөшүү жолдору, ыкмалары, айрыкча жаштардын арасында тарбиялык иштерди жакшы деңгээлде жүргүзүү, алардын жүрүш-турушуна көңүл буруу, уят-сыйытты сактоо, бул багытта алардын жоопкерчилигин жогорулатуу ар бирибиздин  милдетибиз.

АИВ – инфекциясы менен күрөшүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүндө бардыгыбыз бирге жалпы элге жеткидей кылып ВИЧ/СПИД жөнүндө сөз кылууга чакырат элем. Унчукпай, көз жумду кылбай, бул эпидемиянын тегерегиндеги басмырлоону, кемсинткенди жоготолу. Биз айтар элек, келгиле бирге иштейли, себеби ВИЧ – СПИДге каршы күрөш ар бир кишинин өзүнөн башталат.

– Маанилүү маегиңиз үчүн рахмат! Сизге бекем ден соолук, ак кызматыңызга албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

Д.БОРОНБАЕВА

Сүрөттөрдө: Борбордун кызматкерлери маанилүү иш-чараларда.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар