Суббота, 11 января, 2025
0.1 C
Бишкек

Быйыл өлкөдө 40 туристтик база ишке кирет

Быйыл өлкөдө 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев туризмди өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

«2025-жылы республика боюнча 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландаштырылууда. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары тарабынан локациялар сунушталган, алардын жалпы саны 156, облустар боюнча: Баткен облусу — 7, Жалал – Абад облусу-29, Ысык — Көл облусу- 40, Нарын облусу – 34, Ош облусу – 23, Талас облусу – 10, Чүй облусу – 13. Бул жерлерге объекттерди курууда коммерциялык пайдалануунун келечегине талдоо жүргүзүү, жергиликтүү коомчулук жана жергиликтүү инвесторлор менен зарыл консультацияларды өткөрүү зарыл. Биз тейлөөнү жакшыртууга, уникалдуу маршруттарды өнүктүрүүгө жана саякаттын бардык этаптарында коопсуздукту камсыздоого тийишпиз», — деди ал.

Маалыматка ылайык, туристтик базаларды ачууга жалпысынан 156 жер сунушталган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар