Кыргызстанда дарыгерлер жүрөк кемтигин жасалма интеллект менен аныктай баштады.
Жаңы ыкманы кыргызстандык илимпоздор ойлоп тапкан. Аны менен жүрөк жетишсиздигин 2 мүнөттө аныктаса болот. Буга телефон менен чакан медициналык аппарат жетиштүү.
“Аппарат бейтапты текшерип, телефондогу жасалма интеллект аркылуу дарыгерге маалымат берет. Андан жүрөк жетишсиздиги бар-жогун билебиз”, — деди медицина илимдеринин доктору Ишенбай Молдоташев “Биринчи радиого” берген маегинде.
Ал мындай ыкма менен Кыргызстан калкынын саламаттыгын 6 айда текшерип койсо болорун, коюлган диагноздордун 85%ы туура чыгып жатканын кошумчалады.