whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.04.2025
14.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКазакстандын президенти Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевди кабыл алды

Казакстандын президенти Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевди кабыл алды

Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду.

Токаев кыргыз-казак мамилесинин, стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүн белгиледи.

Кулубаев өз кезегинде казак тарапка Актаудагы авиакырсыкта кыргызстандыктарга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушууда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин абалы жана келечеги талкууланып, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору каралды. Эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Ошону менен бирге эки тараптуу актуалдуу маселелерди ырааттуу алга жылдырууда негизги ролду ойногон эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүү зарылчылыгына басым жасалды.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар