whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
10.1 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортФутболчу Жоэл Кожо Ирандын клубуна өттү

Футболчу Жоэл Кожо Ирандын клубуна өттү

Кыргызстандын курама команданын чабуулчусу Жоэл Кожо Ирандын «Эстеглял» клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

«Эстеглял»  Ирандын эң белгилүү футбол клубдарынын бири болуп саналат. Команда Ирандын жогорку дивизионунда ойнойт. Учурда клуб 16 команданын катышуусунда өткөн чемпионаттын жадыбалында 8-орунда турат. «Эстеглял» Ирандын 9 жолку чемпиону болгон, Азия чемпиондор лигасын эки жолу жеңген.

Жаңы клуб менен келишим 2 жылга түзүлүп, дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар. Жоэл Кожо 11 номери менен ойнойт.

Эскерте кетсек, футболчу буга чейин Өзбекстандын «Динамо Самарканд» клубунда ойноп келген. Өткөн сезондо клубдун катарында 24 беттеш өткөрүп, 8 гол киргизген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар