whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
33.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомУлуттук банк мессенжерлер аркылуу жарандарга билдирүү жөнөтпөйт. Алдамчылардын жаңы схемасы

Улуттук банк мессенжерлер аркылуу жарандарга билдирүү жөнөтпөйт. Алдамчылардын жаңы схемасы

Улуттук банк алдамчылардын жаңы схемасы тууралуу эскертүү таратты. Анда белгисиз адамдар мессенджер аркылуу жарандарга Улуттук банкка тиешелүү делген алдамчылык сайтына шилтеме жиберип, акча каражаттарын кайтаруу кызматтары сунушталып жатканы айтылат. 

“Улуттук банк мессенджерлер аркылуу жарандарга мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана акчаны кайтаруу кызматтарын көрсөтпөй турганын расмий түрдө билдиребиз. Мындан тышкары, Улуттук банк жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Эч убакта алдамчыларга ишенбеңиз жана бейтаааныш жактарга акчаңызды которбоңуз”,-деп айтылат маалыматта.

Эгер сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылсаңыз, бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар