Бишкек шаарынын Орто-Сай базарынын жанында 252 орундуу 4 кабаттан турган унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору Бакыт Шеримбеков “Ала-Тоо 24” каналына билдирген.
Анын айтымында, жеке ишкер унаа токтотуучу жайды куруп бүтүп, 25 жыл иштеткенден кийин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өтөт.
“Унаалар батпай, тыгын пайда болгон учурлар шаарда көп. Транспорт каражаттарынын башаламан токтотулушу түйшүк жаратууда. Базарга жакын көп кабаттуу унаа токтотуучу жай бул көйгөйдү чечет деп күтүлүүдө. Жеке ишкерге бул үчүн женилдиктер берилген. Мында жер төлөсү андан кийин үстүндө 4 кабаттан турган унаа токтотуучу жай курулат. Куруучу тарапка ижара келишими боюнча жеңилдетилген шарттарды түзүп берип жатабыз” , — деди Бакыт Шеримбеков.
Белгилей кетсек, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу үчүн жалпы шаар боюнча 13 жер тилкеси аныкталган. Мэрия жер тилкелерин жеке тараптарга жеңилдетилген шартта узак мөөнөткө ижарага берүүгө даяр.
Эске салсак, Бишкектин жолдору 350 миңдей унаага ылайыкталганы менен учурда шаарда 650 миңден ашык транспорт каражаттары жүрөт.