whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаДыйкан-фермерлерди колдоого 35 млн. доллар бөлүндү

Дыйкан-фермерлерди колдоого 35 млн. доллар бөлүндү

Жалал-Абад жана Нарында дыйкан-фермерлерди колдоого 35 млн. доллар бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өлкөнүн түштүк облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында II Элдик курултайда айыл чарбасы жаатында маселелери менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү эл менен жолугушкан учурунда айтты.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, каражат Дүйнөлүк банк тарабынан багбанчылыкты өнүктүрүү, сүт өндүрүүчүлөдү колдоо, малдын асылдуулугун арттыруу багытында жасалма упуктандырууга каралган.

«Жеке майда, чакан чарбалар кооперативдерге биригиши милдет. Натыйжада агрегаттарга 2% менен, бириккен дыйкан-фермерлерге 1,5 пайыз менен берилет. Ошондой эле бириккен товар өндүрүүчүлөр тамчылатып сугаруу системасына өтүшү абзел. Анан эмнени эгем, эмнени өндүрөм, өндүргөн товарымды кайда сатам деген так планы, келишими болушу шарт. Ушундай саясаттын негизинде мамлекет тарабынан каржылык көмөк, колдоо көрсөтүлөт», — деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар