whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.03.2025
2 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкОшто автоээнбаштык жасагандарга 75 миң сом айып салынды

Ошто автоээнбаштык жасагандарга 75 миң сом айып салынды

Ош шаарында автоээнбаштык жасаган 5 үлпөт той кортежине 75 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда Ош шаарында чоң жолду жаап, терезелеринен тулку боюн чыгарып, башка унааларга жол бербей, тоскоолдук жаратуу менен бара жаткан 5 үлпөт той кортеждеринин видео тасмасы тараган.

«Бул факты боюнча Ош шаарынын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, 5 авто унааны кармап, айып короо жайына токтотушуп, ар бир айдоочуга 15 миң сомдон жалпы 75 миң сомго айып салышты», — деди ал.

Байказы Айтикул уулунун айтымында, эми бул айдоочулар кайталап, автоээнбаштык жасай турган болсо, мыйзамга ылайык 6 айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар