Суббота, 11 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Баткенде мечитке баласын таштап кеткен 16 жаштагы кыз кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке ымыркайын таштап кеткен эне табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 10-январда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну аныкталып, кармалды. Ушул тапта тергөө иштери уланууда.

3-январда Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке эртең менен азан чакыруу үчүн барган молдо ак шейшепке оролгон эркек бала таап алган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар