Суббота, 11 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Коомдук талкуу: Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды салса болобу?

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды салууга уруксат берүү боюнча сунушу коомдук талкууга коюлду. 

Документтин маалымкат-негиздемесинде Ысык-Көлдүн жээгинде инфраструктураны өнүктүрүү туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн гана эмес, бул региондун экономикалык өсүшү үчүн да маанилүү экени жазылган. Жаңы объекттер салынса республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык да көп түшөрү белгиленген.

Бирок социалдык тармактарда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин демилгеси кайчы пикирлерди жаратты. Айрымдар бул Ысык-Көлдүн экологиясына зыянын тийгизерин жазып жатышат.

Эске салсак, Кыргызстанда 2016-жылы көл үстүнө же ага жакын жерге мончо курууга тыюу салынган.

Ошондой эле 1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт. “Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар