whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаӨрүк жана малина өстүрүү боюнча мыкты багбандар аныкталды

Өрүк жана малина өстүрүү боюнча мыкты багбандар аныкталды

Республика боюнча өрүк жана малина өстүрүү боюнча мыкты багбандар аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Жыйынтыгында багбан Кабылбек Эргашев жана Аблес Жаныбековдор бул жаатта мыкты деп табылды.

Кабылбек Эргашов 3 гектар жердеги өрүктүн кургатылган сортунан 12 тонна түшүм алып, 2 млн. сом киреше алган. Ал эми 0,5 гектар эрте бышуучу өрүктүн сортун отургузуп, үчүнчү жылы 3 миң килограмм түшүм алып, 600 миң сом киреше алган.

Ал эми, багбан Аблес Жаныбеков 1 гектар малинадан 17 тонна мөмө жыйнаган.

Эске салсак, 28-31-январда саат 10:00дө Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта олуттуу ийгиликтерге жетишкен адистер жана фермерлер кызыл килемден өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп, малина, өрүк өстүрүүнүн заманбап технологияларын киргизип, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун сырларын айтып беришет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар