whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.03.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЧүйдө көлмөгө чөгүп кеткен 6 баланын окуясы боюнча айдоочу камалды

Чүйдө көлмөгө чөгүп кеткен 6 баланын окуясы боюнча айдоочу камалды

Кечээ Чүйдүн Жайыл районундагы көлмөгө автоунаа кулап, алты кичинекей бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматында Volkswagen Jetta унаасынын 40 жаштагы айдоочусу Г.Т., 26 жаштагы аялы, алардын 7, 6, 4 жаштагы жана быйыл төрөлгөн баласы, ошондой эле 27 жаштагы кайнежеси жана анын 9, 7, 6, 5 жаштагы балдары менен сууга түшүүгө келишкен. Унаада жалпы 11 киши болгон.

“Ошол жерден Г.Т. спирт ичимдигип ичип, мас абалында унаасын буруп жатып дөңсөөдөн оодарылып, ичиндегилер менен сууга түшүп кеткен. Машинанын ичинен айдоочу, жубайы, экөөнүн жаңы төрөлгөн баласы, балдызы жана анын 7 жаштагы кызы чыгып кетүүгө үлгүргөн. Калгандары чөгүп кеткен”, — деп жазылган маалыматта.

Чүй облустук милициясы автоунаа башкарган киши «сууга түшүүгө болбойт» деген эскертүүгө карабай сууга түшүп, машинаны мас болуп айдап, натыйжада балдар өлгөнүн айтты.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.

Иш ИИМ менен Чүй ОИИББдин жетекчилиги тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар