whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.12.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Венгриянын элчисин "Достук" ордени менен сыйлады

Садыр Жапаров Венгриянын элчисин «Достук» ордени менен сыйлады

Президент Садыр Жапаров кечээ, 27-июнда Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-венгер мамилелерин эки тараптуу өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, стратегиялык өнөктөштүк, соода-экономикалык, гуманитардык тармактагы кызматташтык ж.б. талкууланды.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, ошондой эле гуманитардык чөйрөдө, анын ичинде билим берүү демилгелери чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүүгө басым жасалды.

Мамлекет башчысы 2023-жылдын февраль айында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча Биргелешкен декларацияга кол коюу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналаарын жана Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча бирдиктүү милдеттенмени айгинелеп турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Венгриянын элчиси Шандор Дорогиге кыргыз-венгер мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымы жана эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоодо көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, КР мамлекеттик сыйлыгы — «Достук» орденин тапшырды.

Өз кезегинде Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги мамлекет башчыга кыргыз-венгер кызматташтыгынын үч негизги багыты – экономикалык, билим берүү жана маданий байланыштар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири айтып берди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар