Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Чүй облусунда агроөнөр жай комплекси курулат

Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга «Asia Retail» ЖАК жана «Умай Групп» ААКтын өкүлдөрү дагы катышты. Анда Чүй облусунда агроөнөр жай комплексинин курулушу талкууланды.

Белгиленгендей, аталган долбоор KOICA’нын гранттык каражаттары тарабынан каржыланат жана айыл чарба нарк чынжырын бекемдөө аркылуу рынокко жеткиликтүүлүктү жогорулатуу менен фермерлердин кирешелерин жогорулатууга багытталган.

Данияр Амангелдиев жергиликтүү дыйкандарды колдоо, керектөөчүлөргө сунушталып жаткан продукциянын сапатын жакшыртуу, ошондой эле соода-логистикалык борборду уюштуруу аркылуу продукцияны үзгүлтүксүз камсыздоо максатында долбоордун кыргыз тарап үчүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Борбордо продукцияларды сактоо, иргөө жана кайра иштетүү пландалууда.

Корей тарап тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирип, долбоор биринчи кезекте жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, анын ичинде потенциалын жогорулатууга багытталганын белгиледи. Чекене соода ишканаларына товарлар сорттолуп, таңгакталган соода-логистикалык борборлордо суроо-талаптын бар экендиги тууралуу маалымат берилди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар