Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Алай районундагы Кең-Жылга айылында жайгашкан №27 Жоро Алимов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды.
Белгиленгендей, аталган мектептин биринчи корпусу 1976-жылы курулган. Экинчи корпусу 2003-жылы ашар жолу менен салынган. Бирок авариялык абалга келип, колдонууга жараксыз деп табылган. Ага ылайык, имарат буздурулуп, ордуна жаңы мектеп куруу пландалган. Бул үчүн атайын долбоор иштелип чыгып, жаңы имаратты курууга мамлекет тарабынан 130 млн. сомдон ашуун каражат каралган.