Пятница, 27 декабря, 2024
-7.9 C
Бишкек

Жалал-Абадда 10 миң кишиге эсептелген чоң мечиттин курулушу башталды

Бүгүн Жалал-Абад шаарында 10 миң кишиге ылайыкташкан мечиттин курулушуна капсула салынды.

Мечитттин курулуш иштерин каржылоо жагын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев колго алган жана «Эл тилеги» фонду аркылуу демөөрчүлүк кылууну каалоочулар колдоо көрсөтсө болот.

Иш-чарага Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери, жергиликтүүлөр катышты.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев капсуланы өзү эмес, динди терең билген адамга салдырды.

Ташиев ошондой эле курулуштун жүрүшүн жеке көзөмөлүнө аларын эскертти.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар