Бангладештеги башаламандыкта кеминде 114 адам каза болду.
Нааразычылыкка чыккан студенттер түрмөгө кирип барып, камактагы жүздөгөн адамды бошотуп жиберген. Бийлик мындан кийин өлкө боюнча коменданттык саат киргизип, армия башаламандыкты токтотуу иштерин баштаган.
Мындан тышкары, мамлекеттик телеканалдын кеңсеси өрттөлгөн. Оппозициялык маанайдагы хакерлер борбордук банктын, полициянын жана премьер-министрдин сайтын бузган.
Бийлик өлкө боюнча мобилдик интернетти жана социалдык тармактарды бөгөттөдү.
Демонстранттар 1971-жылы Бангладештин Эгемендүүлүгү үчүн согушка катышкан ардагерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жумуш орундарынын 30%ы сакталат деген квота системасын токтотууну талап кылышкан. Анын негизинде Бангладештин Жогорку соту мамлекттик кызматтарга киргизилген квоталардын көбүн жокко чыгарды.
Башкы прокурор Аммин Уддин Рейтер агенттигине билдиргендей, сот мамлекеттик жумуш орундарынын 93%и квоталарга ылайык эмес эмгекке жараша бөлүштүрүлөрүн айтты.
Уддиндин айтымында, студенттер зомбулукка жана өрт коюуларга тиешеси жоктугун билдиришкен. Прокурор башаламандыктар үчүн күнөөлүү адамдар табылып, жоопко тартыларына сөз берди.