whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкӨспүрүмдүн бутуна бычак сайган "Принцке" "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголду

Өспүрүмдүн бутуна бычак сайган «Принцке» «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду

Сокулук районунда өзүн “Принц” деп атаган улан 16 жаштагы баланы шылдыңдап, бутун өптүртүп, кайра анын бутуна бычак сайып, мунун баарын видео тартып алган.

Жергиликтүү ЖМКлар “Принц” жабыркаган баланы 2 саат бою жанынан кое бербей кармап турганын, жарадар өспүрүмдү жолдо өтүп бараткан адамдар үйүнө жеткизгенин жазууда.

Чүй ОИИБдин маалыматы боюнча, окуя 24-июлда саат 20:00 чамасында Калинин көчөсүндө болгон. 16 жаштагы баланын энеси милицияга арыз менен кайрылып, “Бейбаштык” боюнча кылмыш иши козголгон. Өзүн “Ислам эмес, принц” деп атоону талап кылган бала 19 жаштагы Ч.И. экени аныкталган.

Кылмышка шектүү бүгүн кармалып, окуя боюнча керектүү экспертизалар дайындалды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар