Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Бакыт Төрөбаев Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолукту

Иранга иш сапары менен барган Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жаңы шайланган президент Масуд Пезешкианди Садыр Жапаровдун атынан куттуктады.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстан Иран менен достук мамилеге өзгөчө маани берерин, бул эки тараптуу кызматташтыкты көптөгөн тармактарда өнүктүрүүгө бекем негиз түзөрүн билдирди.

Өз кезегинде Масуд Пезешкиан иран тараптын жүргүзүлүп жаткан саясий диалогду улантууга, ошондой эле кыргыз-иран кызматташтыгын прогрессивдүү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиандын расмий ант берүү аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Ант берүү аземине катышуу үчүн Тегеран шаарына бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Тажикстандын президенти, Армениянын премьер-министри, Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын спикерлери, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келген.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар