whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.12.2025
-15.9 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешНурланбек Шакиев: “Суусамырдагы алтыгананы азайтууда алгылыктуу иштерди алып барыш керек”

Нурланбек Шакиев: “Суусамырдагы алтыгананы азайтууда алгылыктуу иштерди алып барыш керек”

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Суусамыр өрөөнүн 800 гектарын каптап кеткен алтыгана көйгөйүнөн кабар алды.
Төрага экологияга коркунуч туудуруп жаткан бул жапайы бадал өсүмдүгүн жок кылуу маселеси жыйындарда талкууланып, көп көтөрүлгөнү менен аны азайтуу багытындагы иштер натыйжасыз болуп жатканын белгиледи.
”Алтыгананы кайра иштетүү жагын караштырып, башка өсүмдүктөргө зыян келбегидей жумуштарды жүргүзүү зарыл. Себеби, зыяндуу бадалды жок кылабыз деп жатып, өрөөндүн экологиясын жабыркатып албашыбыз керек. Бул үчүн тез арада ар тараптуу изилдөөлөр жүргүзүлүп, ыкчам иштер алып барылышы шарт”, — деп кошумчалады Нурланбек Шакиев.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш аталган маселеге байланышкан бардык маанилүү демилгелерди колдоп берүүгө даяр экенин айтты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар