9-августта Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна барды.
Алгач Төрага Каныш-Кыя айылында курулган спорт комплексинин ачылышына катышты жана эл менен жолугушуп, баарлашты. “Иш сапардагы негизги максатыбыз жолдордун абалын көрүү болгондуктан, Чаткалга Талас аркылуу аштык. Ошондой эле Ала-Бука-Чаткал жолунда жасалып жаткан иштерден кабар алдык”, — деди Төрага.
Кошумчалай кетсек, эки жыл мурун Н.Шакиев баштаган депутаттардын районго иш сапары учурунда аталган жолду оңдоо маселеси көтөрүлүп, Президенттин көзөмөлүнүн астында реконструкциялоо иштери башталган. Быйыл 170 чакырымдай жолдун 25 чакырымына асфальт төшөлүп, жыл аягына чейин жасалган жолдун узундугу 70 чакырымга чейин болору күтүлүүдө. Калган 100 чакырымы кийинки жылы бүткөрүлөт. Буга кошумча Талас облусуна ашкан 19 чакырымдык жолго да асфальт төшөлүп, аймактар аралык каттам ишке киргизилет.
Төрага ачылып жаткан спорттук жай акжолтой болсун деген тилегин да айтты.
***
Төрага райондун Айгыр-Жал айылына барып, авариялык абалда турган Жамалбек Ташкеев атындагы мектепти көрүп чыгып, анда эмгектенген агартуучулар жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Мектептин имараты 1984-жылы ашар жолу менен салынып, азыркы учурда эскилиги жетип, авариялык абалга кептелген. Айрым окуу бөлмөлөрү такыр эле жараксыз болгондуктан, кээ бир класстар контейнерден жасалган бөлмөлөрдө билим алууга мажбур. 225 орундуу мектептин жаңы имаратынын долбоору иштелип чыккан. Төрага долбоорду кийинки жылдын бюджетине киргизип, заманбап окуу имаратын куруу тапшырмасын берди.
***
10-августта Төрага Ала-Бука районуна барып, алгач Достук айылындагы 1600дөй кожолукту таза суу менен камсыздаган долбоордун ачылышына катышты.
АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор толугу менен бүткөрүлсө, төрт айылдагы жалпы 31 миң адам таза суу менен камсыздалат.
Жергиликтүү эл менен жолугушкан Төрага өлкөдө жасалып жаткан иштерге учкай токтолду.
“Акыркы жылдары жолдорду жаңыртууга өзгөчө көңүл бурулуп, жалпы республика боюнча ири долбоорлор ишке ашырылууда. Экономикабыздын деңгээли жогорулап, соңку 6 ай аралыгындагы эле өсүү темпи 10%ды түздү. Бул, албетте, чек эмес. Алдыбызда чоң максаттар, маанилүү пландар турат. Анын ичинен көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлүп, бир гана мыйзам талаптары бекем сакталган өлкөнү куруу аракети мындан ары да улантылат”, – деди ал.
Муну менен катар пенсия, жөлөкпул жана айлык акылардын көлөмү да көтөрүлүп жатканын эске салган Н.Шакиев калк турмушун оңдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.
***
Ушул эле күнү Н.Шакиев райондун Ак-Коргон айылына барып, жергиликтүү медициналык мекеменин ачылышына катышты.
Төрөгелди Балтагулов айыл өкмөтүнүн 40 миңге жакын калкына, ошондой эле коңшу айылдардын тургундарына да кызмат көрсөткөн медициналык жайдын имараты 1964-жылы курулуп, авариялык абалга келген. Натыйжада жаңы имарат салуу пландалып, өткөн жылы курулуш иштери башталган, 30 млн. сомго жакын акча каражаты жумшалган. Учурда аталган медициналык мекемеде 3 дарыгер башында турган 33 кызматкер эмгектенет.
Жаңы курулган медициналык жайдагы түзүлгөн шарт менен таанышып чыккан Төрага дарыгерлерди жана жарандарды илдеттерди алдын алуу ишине көңүл бурууга чакырды.
Мындан тышкары жолугушууда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу да айтып берди. “Бардык тармактарда ири долбоорлор ишке ашырылып, экономикалык мааниси эбегейсиз болгон жумуштар жасалууда. Айрыкча жаңы жолдор, энергетикалык курулмалар ишке киргизилип, калкыбыздын жашоо-турмушун жакшыртуу аракети көрүлүүдө. Ошондой эле борбордо эле эмес, облустарда да ипотекалык негизде бериле турган көп кабаттуу турак-жайлар салынууда. Бул жарандарды үй менен камсыз-доого гана көмөкчү болбостон, жерибизди сарамжалдуу пайдаланууга да өбөлгө түзөт”, – деди Төрага.
***
Андан кийин Төрага №15 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты.
Учурда 729 окуучу билим алган мектептин биринчи корпусу 1929-жылы курулуп, акыркы жолу 1967-жылы реконструкцияланган. Ал эми экинчи корпусу 1983-жылы ашар жолу менен салынган. Андыктан, авариялык абалдагы мектептин имаратын жаңылап куруу чечими кабыл алынып, 500 орундуу окуу имаратын куруу пландалган.
Төрага Нурланбек Шакиев дубалдары урап, эскилиги жеткен мектептеги абалды көрүп чыгып, тиешелүү мекеменин өкүлдөрүнө тез арада жаңы мектеп куруу тапшырмасын берди жана анын долбоорун бүгүнкү күндөгү муктажды эмес, келечекке ылайыктап иштеп чыгууга чакырды.
***
12-августта Төрага Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынан кайтып келе жатып, Суусамыр өрөөнүн каптап жаткан алтыгана көйгөйүнөн кабар алды.
Алсак, аталган тикендүү бадал өсүмдүгү акыркы жылдары Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды жана айдоо аянттарын каптап, күндөн-күнгө көбөйүүдө. Акыркы маалыматтарга ылайык, алтыгана каптаган жердин жалпы көлөмү 800 гектарга жеткен.
Төрага Нурланбек Шакиев экологияга коркунуч туудуруп жаткан бул жапайы бадал өсүмдүгүн жок кылуу маселеси жыйындарда талкууланып, көп көтөрүлгөнү менен аны азайтуу багытындагы иштер натыйжасыз болуп жатканын белгиледи.
Муну менен катар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине аталган маселе боюнча алгылыктуу иштерди алып баруу тапшырмасын берип, Улуттук илимдер академиясы баштаган тиешелүү мекемелерди да бул зыяндуу өсүмдүктү азайтуу багытындагы керектүү изилдөөлєрдү жүргүзүүгө чакырды.
Андан тышкары, Н.Шакиев жергиликтүү эл жана аймакта жашап жаткан малчылар менен да баарлашып, алтыгана өсүмдүгүн азайтуу жаатындагы сунуш-пикирлерин укту.
Т.ИСХАКОВ