Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Депутат Ч.Айдарбеков «Өнүгүү лидерлеринин форуму-2024. Интеллектуалдык лидерлик» аттуу форумдун ачылышына катышты

Депутат Чингиз Айдарбеков Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан «Өнүгүү лидерлеринин форуму-2024. Интеллектуалдык лидерлик» аттуу форумдун ачылышына катышты.
Депутат өз сөзүндө жаштар арасында интеллектуалдык лидерликти өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындай иш-чаралар жаш мугалимдердин критикалык ой жүгүртүүсүн, башкаруу жана коммуникация жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Эл өкүлү форум тажрыйба жана билим алмашуунун, ошондой эле Кыргызстандын билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган жаңы билим берүү демилгелерин жана долбоорлорун түзүү үчүн эффективдүү аянтчага айланат деген ишенимин билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары 23 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин, орто атайын жана жогорку окуу жайларынын жаш мугалимдери болушту.
Форумдун алкагында жаш мугалимдер мастер-класстарга, лекцияларга, интеллектуалдык лидерлик жана насаатчылык, музейдик тарбиялык иш-чаралар, эффективдүү коммуникация жана башкаруу, долбоордук иштер темалары боюнча командалык оюндарга катышат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар