whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.12.2025
-0.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүЖаңы окуу жылына карата 27 мектеп жана 13 бала бакча пайдаланууга берилет

Жаңы окуу жылына карата 27 мектеп жана 13 бала бакча пайдаланууга берилет

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 1-сентябрга чейин 27 мектеп жана 13 бала бакчаны пайдаланууга берүүнү пландоодо. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2024-жылга республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинин тизмесине биринчи жолу 431 билим берүү объектиси киргизилген. 1 миллиард 439 миллион сомдон ашык каражат каралган.

Алардын ичинен:

149 мектептин курулушуна — 844,4 млн. сом;

87 мектептин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого — 21,2 млн.;

78 мектепти капиталдык оңдоого — 226,1 млн.;

63 бала бакчанын курулушуна — 306 млн;

42 бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерин даярдоого — 11,8 млн;

12 бала бакчаны капиталдык оңдоого — 30 млн.

Аталган башкармалык биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ишке берилип, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоодон өткөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын мектептеринде биринчи коңгуроо 2-сентябрда кагылат. Учурда 113 миңден ашык бала 1-класска кабыл алынды; электрондук каттоо 30-августка чейин уланат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар