whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАйбек Молдогазиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдан менен жолукту

Айбек Молдогазиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдан менен жолукту

Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары А.Молдогазиев элчини Франциянын Кыргызстандагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын бул кызматтагы иши кыргыз-француз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде элчи Николя Фай ыраазычылыгын билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Жолугушуунун алкагында тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты, ошондой эле пландалып жаткан жогорку деңгээлдеги сапарларды талкуулашты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар