Адатта бизде мааракелер ошол мааракенин санына жараша боз үйлөрдү тигүү, он миңдеген адамдарга “Ала Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык” тартуу жана оюн-зоок менен эле белгиленип келчү. Ал ошол датага карата көрсөтө турган бир да алгылыктуу иштин жоктугунан улам да болсо керек.
Анткени, өз алдынча мамлекет болгондон бери мамлекеттин кепилдиги астында алынган чет элдик каражаттардын эсебинен же чет элдик инвесторлор тарабынан ишке ашырылган айрым бир ири долбоорлорду эске албаганда, өнүгүүгө өбөлгө болчулары дээрлик жокко эсе эле. Ошондон улам, бийлик башындагылар курулай шаттанууну тандап алышкандыр?
А бул жолу, тилекке жараша, андай болгон жок. Соңку мамлекеттүүлүгүбүздүн башаты болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объект куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканалары, социалдык объектилер ачылды.
Келечекке керектүү ишканалар
30-август күнү Кемин районунда “Терек-Таш” цемент заводунун ачылышында Президент Садыр Жапаров ушул күнү ачыла турган ишканалардын жана башка социалдык объектилердин бир катарын атап өттү.
– Бул заводдун ачылышы менен катар эле Кадамжайда “Исфайрам – 1”, Ноокатта “Курак-Тектир” чакан ГЭСтери, Ат-Башыда “Кара-Булак” соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында “Миң-Булак” курулуш материалдар ишканасы, Жайылда “Жунда” мунай заводу, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу заводу, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабриканын жана башка ушуга окшогон бир катар өндүрүш ишканалардын бир учурда ачылышына күбө болобуз, – деди ал. – Ошондой эле жаңы мектептерди, мектептерге кошумча имараттарды, бала бакчаларды, спорт залдарды расмий ачып, келечек ээлери болгон балдарыбызды кубандырганы турабыз.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бул – жөн гана жаңы завод-фабрикалардын ачылышы эмес, өлкөбүздүн өнөр жайында көз карандысыздыкты камсыз кылган жаңы доордун башталышы. Бул ишканалар жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканын өсүшүнө, элдин жашоо сапатынын жакшырышына жана өлкөнүн технологиялык деңгээлинин көтөрүлүшүнө зор салым кошмокчу.
– Жаңы ачылган ишканалар прогресстин символу болуп, келечекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, ал эми жаңы ачылган мектеп, бала бакчалар билим сапатын арттырууга жол чабат деп ишенем, – деди Президент.
Ал бүгүн ачылып жаткан 100 объект ар бир жарандын жашоосун өзгөртүүгө жана экономикалык жылышка негиз болоруна толук ишеничин да билдирди.
– Бир эле мисал, “Терек-Таш” цемент заводу жана курулуш материалдарын өндүрүүчү ишканалар өз убагында турак жай менен камсыз кылууга бекем негиз болуп берет. Курулуш секторундагы мындай кескин жандануу инвестицияларды тартуу үчүн позитивдүү сигнал болуп саналат.
Ал эми айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар өлкөбүздүн тамак-аш коопсуздугун бекемдөөдөн сырткары, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө да мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле ачылып жаткан электр кубатын өндүрүү объектилери өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багыт аларын баарыбыз жакшы
билебиз.
Бүгүн биз реалдуу сектордогу объектилер менен эле чектелбестен, жаштардын руханий жана моралдык өсүшүнө багытталган жайларды ачып жатабыз.
Аракеттердин акыбети кайтууда
Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен ушул күнү онлайн форматта 40 өнөр жай жана 60 социалдык объектинин ачылышы да болуп өттү.
Президенттин айтымында, өлкө жетекчилигинин бюджетти көбөйтүү жана экономикалык шарттарды түзүү аракеттери оң натыйжаларды берген. Өлкөдө салык мыйзамдары жеңилдетилип, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Бул аракеттердин акыбети кайтып, чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы өскөн.
– Көптөгөн жылдар бою ар кандай себептер менен ишке ашпай келген “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон “Кытай – Кыргызстан – ªзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга белсендик. Буюрса, аталган инфратүзүмдүк долбоорлор өлкөнүн өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет, — деди Мамлекет башчысы.
Ал “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча өнөр жай жана социалдык объектилер ишке киргизилип жатканын эскертти.
“Терек-Таш” ЖЧК ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1,2 млн. тонна клинкерди түзөт. Инвестициянын көлөмү – 160 млн. доллар. Толук ишке киргизилгенде 500 адам жумуш менен камсыз болот.
Завод эң заманбап технологиялар менен курулган. Экологиялык жана санитардык ченемдерди сактоо максатында өндүрүштүк линиянын бардык объектилери импульстук үйлөтүлүүчү чыпкалар системасы менен камсыз кылынат.
Кайрадан жанданган “Жунда”
Президент андан ары Кара-Балта шаарында “Жунда” заводун ишке киргизүү жана аны модернизациялоо долбоорунун алкагындагы курулушка “мезгил кутусун” салуу аземине катышты.
“Чайна Петроль Компани “Жунда” ЖЧКсынын мунай иштетүүчү заводу 2020-жылдын февраль айынан 2024-жылдын мартына чейин токтоп калгандан кийин өндүрүш ишин кайра баштаган.
Президент Садыр Жапаровдун пикиринде, “Жунда” заводунун өлкөбүздүн өнөр жайы үчүн мааниси чоң. Себеби, бул завод Кыргызстанда мунай продукцияларын өндүрүү боюнча алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат.
– Мунайды кайра иштетүүчү бул заводду ишке киргизип, ошону менен бирге модернизациялоо долбоорунун алкагындагы курулушка “мезгил кутусун” салуу аземине чогулуп олтурабыз, – деди ал. – Мындан улам, биз бүгүн Кыргыз Республикасынын өнөр жай тарыхындагы маанилүү окуяга күбө болуп жатабыз деп айтууга толук негиз бар.
2020-жылга чейин “Жунда” заводу бензиндин түрлөрүн, дизель, гудрон, мазут жана суюлтулган газ өндүрүп, калк керектөөсүн кайсы бир деңгээлде камсыздап келген. Бирок тилекке каршы, завод түрдүү себептерден улам, 2020-жылдын февралында өз ишин токтоткон.
– Заводду кайра ишке киргизүү маселеси Кыргызстан үчүн маанилүү орунду ээледи. Кытай тарап менен тыгыз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатты, – деди Мамлекет башчысы. – Кытайга мамлекеттик иш сапарымдын алкагында да бул маселени Кытай Эл Республикасынын Төрагасы, урматтуу Си Цзиньпин менен талкууладым.
Жыйынтыгында Си Цзиньпин саясий эрк билдирип, чечкиндүү колдоосун көрсөттү. Ушундан улам бүгүн биз позитивдүү, жемиштүү жыйынтыктарга келип, кубанып турабыз. Урматтуу Си Цзиньпинге терең ыраазычылыгымды билдирем!
Жылдын акырына чейин завод толук кубаттуулукта иштей баштайт, кубаттуулугу жылына 800 миң тонна чийки затты түзөт. Ошол эле учурда 400гө жакын жаңы жумуш оруну түзүлөт.
Ошону менен катар эле заводду модернизациялоо иштери башталып, ага 450 млн. долларга жакын инвестиция киргизилмекчи.
Заводдон жогорку класстагы К4 жана К5 маркасындагы бензин өндүрүлмөкчү. Завод битум чыгаргандыктан, өлкөдө жол курууда битумга болгон муктаждыгы камсыздалмакчы. Бул азыр массалык түрдө салынып жаткан жолдордун курулушун дагы арттырып, алардын сапаттары да жогоруламакчы. А жалпысынан биздин экономиканы чыңдоого, жумуш орундарынын санын арттырууга жана өлкөбүздүн өнөр жай тармагынын туруктуу өнүгүшүнө алып келет.
Президент белгилегендей, быйыл ишке киргизилүүчү 100дөн ашуун өндүрүштүк ишканалар үчүн жалпысынан 2 млрд. доллардан ашуун инвестиция тартылган. Ал эми бул ишканалардын ачылышы менен кеминде 19 миң жаңы жумуш оруну
түзүлөт.
Т.Исхаков