V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын экинчи күнүндө Кыргызстандын спортчулары байгелүү орундарды ээлешти.
Атап айтсак, таяк тартыш боюнча курама команда 8 медаль жеңди: 6 алтын, 1 күмүш, 1 коло.
Муну менен улуттук курама командалык эсеп боюнча 1-орунду ээледи. Мелдешке жалпы 33 өлкөнүн спортчулары катышты.
Казак күрөшү боюнча курама команда 4 медаль утту. Анын үчөөсү күмүш, бирөө коло.
Кураш боюнча курама команда 1 алтын, 1 коло медаль тагынды.
Эркектер арасында +100 кг салмакта Бекболот Токтогонов V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду.
Ал эми кыз-келиндер арасында Ажар Исаева 70 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.
Эр эңиштен улуттук курама 6 медаль утту: 1 алтын, 3 күмүш, 2 коло.