whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасын кабыл алды

Садыр Жапаров “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-сентябрда “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасы Мохаммад Абдурахман Альшаяны кабыл алды.

Мамлекет башчысы “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмеси социалдык жана билим берүү объектилерин курууда, ошондой эле өлкөнүн алыскы аймактарында ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда фонддун ишинин маанилүүлүгүн айтты.

Президент “Ас-Сафа борборунун” демилгелери менен миңдеген адамдардын жашоо шарты, өзгөчө айыл жерлеринде, кыйла жакшырып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөрүн баса белгиледи.

Өз кезегинде “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Мохаммад Абдурахман Альшая фонддун демилгелерин ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, министрлер кабинети жана Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү кызматташуусуз долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Мохаммад Абдурахман Альшая ошондой эле фонддун коомду туруктуу өнүктүрүүгө багытталган кайрымдуулук жана билим берүү программаларын кеңейтүүгө даярдыгын белгилеп, мамлекет менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар