Башкы беткеЖаңылыктар

Жаңылыктар

Түштүк Кореянын аскердик учагы өз аймагына бир нече бомба таштады

Түштүк Кореянын аскердик учагы өз аймагына бир нече бомба таштады. Анын кесепетинен айылдагы бир нече имараттар талкаланганын жана жети киши жаракат алганын Йонхап маалымат...

Ыңгайсыздыкка 3 ай чыдап койгула. Президент ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы элге кайрылды

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы элге кайрылды. Ал электр энергиясындагы каатчылыкты жоюу үчүн ГЭСтерди курууда жергиликтүүлөр тараптан бут...

Садыр Жапаров чек ара боюнча комментарий берди

Күн мурун эл өкүлү Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу өзүнүн пикирин билдирген. Анда депутат бир катар дооматтарды келтирген....

Нурланбек Тургунбек уулу: «Чек арада талаш жерлер 50/50 чечилди»

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу депутат Султанбай Айжигитов билдирүү жасап, Баткен районундагы Достук айылын Тажикстанга бербеш керектигин билдирген....

Мамлекеттик катчы: «Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө Ташиевдин жеке салымы чоң болду»

Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө Ташиевдин жеке салымы чоң болду. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди. «Бүгүн чеке-белибиздин чет аймагына тынчтык орногондугу абдан кубанычтуу окуя болду. Бир...

ЖК төрагасы жасалма интеллекттин жардамы менен кылмыштар көбөйгөнүн айтты

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу акыркы убактарда жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган кылмыштардын саны көбөйгөнүн айтты. «Шылуундар жасалма интеллектти пайдаланып, телефон, интернет...

“Ыйман Нуру” депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды. Фракциянын 5-марттагы кезексиз жыйында Динара...

Мурдагы акыйкатчы А.Абдрахматова кызы рэкетчиликке кабылганын айтты

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова Бишкектеги №61 мектепте кызы рэкетчиликке кабылганын Vesti.kg сайтына билдирди. «Ушул кырдаалдан улам балам үч айдан бери оор абалда. Ал окуу жылынын башында...

Сатыев: «Сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу негизги максат»

Өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу негизги максат. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын судьяларынын ХIII курултайында билдирди. Анын айтымында, 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын...

Садыр Жапаров: «Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот»

Судьялардын айлык маянасы 100% көтөрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын судьяларынын ХIII курултайында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Президент мамлекеттин колдоосу аркылуу жетишилген бир катар...

Резиденцияда Кыргызстандын судьяларынын XIII курултайы өтүүдө

Мамлекеттик резиденцияда Кыргыз Республикасынын судьяларынын акыркы 3 жылда аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарган XIII курултайы өтүүдө. Кезектеги курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстандын сот бийлиги...

Өлкөдө качан күн жылып баштайт?

Келерки аптада Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүлмө болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Маалыматка караганда, 5-марттан 7-мартка чейин түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, тоолуу райондордо жаан-чачын жаашы мүмкүн. 7-мартта күндүз...

Токой өстүрүү үчүн ар бир райондо кеминде 5 гектар жер бөлүү каралууда

Токой өстүрүү үчүн ар бир райондо кеминде 5 гектар жер бөлүү каралууда. "Мурдагыдай жол жээгинде же дагы бир жерде көчөттөрдү сейрек жайгаштырып отургузбастан, токой массивдерин...

Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Вьетнамга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 6-7-мартында Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Визиттин алкагында...

Эмил Чакибаев Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп дайындалды

Эмил Чакибаев Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Чакибаев Эмил Акжолтоевич 1982-жылы Чүй...

Трамп Украинадагы чыр-чатакты токтотууга убакыт келгенин айтты

Трамп Украинадагы чыр-чатакты токтотууга, эки тарап менен тең сүйлөшүүгө убакыт келгенин айтты. Ал Зеленскийден кат алганын, анда Украина тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экени...