Суббота, 18 мая, 2024
24.1 C
Бишкек

Канаттуу ырларды жазган – Какен Алмазбеков

Кыргыздын залкар таланттарынын бири Какен Алмазбеков тирүү болгондо, быйыл 90 жашка чыкмак. Ал “Чагылган”, “Албырып шаттык жүзүндө”, “13 жашар баланын каты”, “Эненин арманы”, “Кыргыз көчү”, “Айсара кыздын арманы” аттуу ырлардын, санаттардын автору, кыргыздын залкар акыны болгон. 70ке жакын ырына обон жазылып, азыркыга чейин элдин жүрөгүнөн түнөк таап келет. Аттиң, акын  убагында бааланбай калган десек жаңылышпайбыз. Кур дегенде, бүгүн да болсо барктап,  таланттуу акындын мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет деп ишенебиз. Төмөндө аны карындашы Зинат АРБАЕВА менен бирге эскердик.

Зинат эже, быйыл Какен Алмазбековдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча ишчаралар белгиленгенби?

– Аны так билбедим. Бир жолу “Поэзия ордосу” деген адабий коомдук бирикменин төрайымы Клара Ниязова Какен байкемдин “Мурас” деген жыйнагын окуп чыгып, “Фейсбукка” андан алган таасирлерин жазыптыр. Мен ага өз оюмду билдиргем. Анан экөөбүз таанышып калдык. Ал “Какен Алмазбековду калың журтка алып чыгышыбыз керек экен, бул кишинин таланты күчтүү турбайбы, жаш акындарды шыктандыруу максатында анын атын алып жүргөн медаль чыгаралы” деп, мен аркылуу баласынан уруксат алып, төш белги чыгарды. Кеңешип эң алгач медалды агамды жакшы билген Замирбек Үсөнбаев, Анатай Өмүрканов, Самат Көчөрбаев, Акылбек Абдыкалыков сыяктуу адамдарга бергенбиз. Ошентип, ушул коом, Алыкул Осмонов атындагы фонд, Шалта айыл өкмөтү менен биргеликте былтыр Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине маараке өткөрүү боюнча кат жолдогонбуз. Жакында сурасам, карап жатабыз дешти. 80 жылдыгы райондук деңгээлде болгон, 90 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленсе, жакшы болмок. Себеби, анын ырлары ырдалган менен аты аталбай калууда. Коомчулукка анын ырларын аткаруу боюнча конкурс жарыяланса, эл ичиндеги таланттар да чыгат эле. Анын ырларына Асанкалый Керимбаев, Жумамүдүн Шералиев, Аксуубай Атабаев сыяктуу алптар обон жазышкан. “Англичан Джордж Самуэль деген жигит да 3-4 термесин ырдайт” – дешет.

Ырлары калктын калың катмарына сиңип кеткени менен, автордун өзүнүн өмүрү тууралуу маалымат аз. Ошондуктан, бүгүн анын өмүр жолу, ички дүйнөсү, кыялжоругу тууралуу эскерсек.

– Бул киши атамдын иниси. Бирок, мен кызындай болуп калдым. Себеби, ал мени алты жашыман тарбиялап калды. Апам 6 жашымда төрөттөн каза болуп, атам андан он жыл өтүп көз жумду. Андыктан, чоң энем менен Какен байкемдин тарбиясын көп алдык.

Чоң атам менен чоң энемдин 7 уулу, бир кызы болгон. Эмнегедир, биздин тукумда эркектерден 60ка чыккандар болгон жок. Менин атам 48 жашында каза болгон. Беш бала чоң энемдин колунда өстүк. Ал кезде бир туугандардын баары бир үйдө жашашчу. Чүй облусунун Шалта айылында чоң үйдө жашадык. Чоң атам 1966-жылы көзү өтүп кеткен экен. Какен байкем мен Москвага окууга кетип жатканда кийим-кече алып бергени алигиче эсимде. Ал кезде гонорар жакшы берилчү да.

Агам 1934-жылы төрөлгөн. Айылдык жети жылдык мектепти бүткөндөн кийин ордо калаадагы №5 мектепте окуйт. Тилекке каршы, көз оорунун айынан окубай калган деген маалымат бар. Байкем өзү жаш кезинен куурчак театрда иштеп калган дешет. 30га чыга элек кезинде өзү менен бирге иштеген кызга үйлөнөт. Ал кишини мен көрбөй калдым. Жеңебиз гастролдоп жүргөн үчүн чоң энебизге жакпай калган окшойт, ажырашып кетишиптир. Анан ортодо үйлөнбөй көп жүрдү. 1976-жылы мен мектепти аяктап жатканда гана үйлөндү.

Мектепте жакшы окугандыктан, Какен агамдын бир тууган карындашы Сания эжеме айтып, мени Москвага окууга жиберишти. Ошол боюнча каникулда гана келип жаттым. 1977-жылы биринчи баласы төрөлдү. Андан кийин кыздуу болду. Аялы болсо өзү каза болгон соң 10 жылдан кийин өтүп кетти. Уулунун 3 баласы бар.

– Уул-кызы чыгармачылыкка жакынбы?

– Жок. Алар шаарда чоңоюп, өсүп калгандыктанбы, чыгармачылыкка жакын болгон жок. Балким, небере-чөбөрөлөрүнөн акындар чыгып калар.

– Какен аганын көзү көрбөй калган деген сөз чынбы?

– Кичинесинде эле көзү жакшы көрбөй баштаган окшойт. Ал убакта медицина күчтүү эмес да, көп маани да берилбей калса керек. Кийин күчөп кеткен го. Бирок, биз баарын көргөндөй эле сезчүбүз. Көкүрөгү тунук болчу. Өзү көзү тууралуу бир да жолу даттанган эмес. Жазганда, чоң-чоң бадырайта жазчу. Сиңдим анын жазгандарын машинкага басчу. Агам кайра окутуп, “Туура эле жаздыңбы, ката кетирбе, сөздөр башка маани берип калат”, – дечү. Кайра-кайра окутчу. Азыр ойлосом, агам көкүрөгү менен сезчү окшойт. Көбүнчө ырларды эсине сактачу. Эс тутуму жакшы болчу. Бизге математика сабагынан жардам берип, теңдемелерди логикалык жактан эсептеп эле жообун айтып койчу. Мектепте ар кандай маданий мелдештерге, КВНге жазып берген ырынын жардамы менен биринчи орунду алчубуз. Көп сүйлөбөгөн, ашыкча сөз айтпаган адам эле. Радиону көп угуп, ким жакшы ырдайт, кайсы журналист жакшы сүйлөйт, анализдеп олтурчу.

Асанкалый Керимбаевдин, Жеңишбек Шамшиевдин ырдаганын жактырчу. Кийин Орозбек Кутманалив анын арман ырларын аткарып жүрдү. Замирбек Үсөнбаевди, Гүлсүн Мамашеваны баалачу. Малик Аликеевди да жакшы көрүп, ага бир ыр жазып берсем деп жүрчү.

– Ырлары басылып чыкса керек?

– “Жыргал”, “Мелдеш”, “Ырлар”, “Кимде айып” аттуу жыйнактары чыкканы менен, көзү тирүүсүндө көп бааланбай калды. Көзү өткөндөн кийин үч китеп чыкты. Бир жолу лира кечеси өтүп, каза болгондон кийин эки жолу эскерүү кечеси болду.

– Жазуучулар союзуна мүчө болбой калганы чынбы?

– Ошону так билбейм. Какен агамдын эмгегин айтып карындашы Саня эжем көп чуркады. Ошол эле тызылдап жүрчү. Документтерин өткөргөн. Өзүнө “Жазуучулар союзуна мүчө болдуңуз” деп айтып койдук деп да жүрүшкөн. Бирок, чын-бышыгы Жазуучулар союзунан чыгат болушу керек. 80 жылдыктын алдында жолдошум Советбек Арбаев Кайрат Иманалиевге кайрылып, “Алтын казынада” сакталган ырларын жаздырып алган, 50гө жакын ыры табылды.

– Акыркы жылдары эмне менен алектенди?

– Негизи, кийинки жылдары эч жерде иштеген жок да. Эргүү келгенде ыр жазчу. Болбосо, үйдөгү жумуштарды жасачу. Бак тигип, бутап, кыйыштырып, чарбалык жумуштарын бүтүрдү. Биз аны көзү көрбөйт деп ойлочу деле эмеспиз. Ал жөнүндө сөз болгон да эмес.

– Акыркы кезде арман жазган үчүнбү, бул кишинин тагдыры армандуу болгондой пикир калтырат?

– Ал эч убакта чөгүп же таарынып калбаган адам болчу. Жашоону сүйчү. Ал өз чыгармачылыгы менен жашады. Чындыкты бетке айтчу. Ошондуктан, кээ бирөөлөргө жаман көрүнүп да калса керек. Оюмда көп нерселер бар эле, жазбай калдым деп кейичү. Агам өзү деле союзга өтөйүн деп чуркаган жок. Ыр жазып бер деп келгендерге жазып берип коюп жүрдү. Атак-даңкка, акчага кызыккан жок.

– Кийинчерээк Какен агага таланттуулардан кимдер келип жүрдү?

– Жапар Чабалдаев менен дос болуп жүрдү. Орозбек Кутманалиев келип калчу. Жеңишбек Шамшиев көп ырларын ырдаган, ал да келсе керек, балким, мен ал учурда кичине болуп калгандырмын. Биз кичине кезде көп эле кишилер келип, бак-короодо бакылдашып олтурушчу. Бойдок болсо, анан ага баары келип алса, чоң энеме жакпаса керек. Биз деле ошондой кабыл алдык. Биздин бак-короо чоң эле, көп кишилер сүйлөшүп, ырдап олтургандары эсимде бар.

Билгендер “Таланттуулар Ош базарында чогулушчу” дешет. Байдылда Сарногоевдин жазганы бар эмеспи:“Какен дайра, мен кудук, Какен барда мен дудук” деп. Байдылда экөө тең бири-бирин баалап, түшүнүшкөн. Тилекке каршы, өз учурунда бааланбады. Сания эжемдин аракети менен китептери чыгып калды. 1991-жылы өзү катышкан бир эле лира кечеси болду. Аны Баратбай Аракеевдин демилгеси менен журналист Асанбек Иманбаев уюштурган. Көп тоскоолдуктарга карабай уюштурган деп калышат. Ага Ашыралы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев, Орозбек Кутманалиев сыяктуу бир катар залкарлар катышкан. Ошол кезде агам ооруп жүргөн.

Какен байкемдин сүрөттөрү деле көп жок. Азыр байкемдин ыры бир күндө радио уктурууда, телекөрсөтүүдө жок дегенде бир жолу ырдалат. Бирок, авторун айтып коюшпайт. Бир жолу автобуста кетип баратсам, Султан Садыралиев “13 жашар баланын арманын” ырдап жатса, автобус-тагы бирөө айтып жатат “Султан жакшы ыр жазыптыр”, – деп. Ырчылар бирөөнүн чыгармасын аткарып жатканда, теледен же радиодон автору айтылып турса жакшы болор эле.

– Агаңызды эстегенде, кайсы учурду көп элестетесиз?

– Ал киши 1991-жылы каза болду. Ошол жылдары жеңебиз кызына жардам бергени бат-бат кетип, эжем экөөбүз агама көп каттап калдык. Мага тарбиясын көп айтчу. Агам бийлик, байлыкты ойлочу эмес экен. Колунда бар болсо, бардай урунчу, март болчу, кенен жүрчү. Байлык топтогонду, наам алыш үчүн мамиле түзгөндү билген жок. “Мени эл билет, Какенди эл эстейт”, – дечү. Акыркы бир айда алы кетип, үйдөн чыкпай калды. Болбосо, төшөккө жатып калган жок. Өпкөсүнөн “жаман ооруга” чалдыгыптыр.

Мен Москвага окууга кетип жатканда, Какен байкем бир эле сөз айтты: “Жакшы жүр” деген. Ошол сөз кулагымда калды. Ал майдаланчу эмес. Ошол кезде партия, Ленин дебей эле, эң башкысы, адамдык касиетти сактоо керектигин айтыптыр. Адамдын адамга болгон мамилесине маани берчү. Абдан кыраакы эле…

Маектешкен: Жумагүл БАРКТАБАСОВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар